Харьковдо дрон чабуулунан беш адам жараат алды

Дрон чабуулунан жабыркаган үй. Харьков, Украина. 10-май, 2026-жыл

Ишембинин кечинде орусиялык аскерлер Харьков шаарына дрон менен сокку урганын облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди.

Дрон тогуз кабаттуу үйдүн техникалык кабатына тийген, натыйжада лифт шахтасы жарактан чыгып, 30дай айнек күбүлүп түштү. Беш адам түрдүү жаракат алды.

Андан тышкары Днепропетров облусунун Никополь жана Синельников райондоруна да чабуул болду. Инфратүзүм жабыркады. Үч жаштагы кыз жаракат алып, орточо оор абалда ооруканага жеткирилгенин облустук аскердик администрация башчысы Александр Ганжа маалымдады.

Донецкинин Дружковка шаарында дрон соккусунан тогуз кабат үйдө өрт чыкты, ал эми Краматорскиде эки май куюучу бекетте газ сакталуучу идиштер күйүп кеткенин Украинанын Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы жекшембиде кабарлады. Херсон облусунда чабуулдан эки автоунаа жана жер үй өрттөндү.

Украин Аба күчтөрү түн оогондон таңкы саат 8:00гө чейин орусиялык аскерлер Украинага 27 дрон менен сокку урганын билдирди. Бардыгы жок кылынган.

  • 8-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина 9-10-11-май күндөрү ок атышпоону макулдашканын билдирген. Кийинчерээк Киев менен Москва аны ырасташкан. Макулдашуунун алкагында тараптар 1000 туткунду алмашары айтылган.

Дагы караңыз

Эдинбург университетинде борбор азиялык мигранттардын көйгөйү талкууландыБишкектеги жаңы автобекеттин курулушу быйыл августка чейин аяктайт Кыргызстанда сел коркунучу сакталуудаУкраинадагы согуш: Орусиянын жоготуулары 350 миңден ашты Петер Мадьяр Венгриянын премьер-министри кызматына кириштиБаткендеги селдин чыгымы 20 млн сомдон ашты