Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу быйыл августка чейин аяктайт

Жаңы автобекеттин курулушу. Бишкек. 10-май, 2026-жыл.
Жаңы автобекеттин курулушу. Бишкек. 10-май, 2026-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, Бишкек шаарынын күн батыш тарабында курулуп жаткан жаңы автобекеттин курулушу менен таанышты.

Президенттин сайтындагы маалыматта айтылгандай, мамлекет башчысына тогуз блоктон турган комплекстин долбоору көрсөтүлдү. Алардын ичинде айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, күтүү залы, перрон, административдик имарат, соода сатык жайлары, шаар аралык жана эл аралык автобустар токтоочу жана башка унаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар бар.

Садыр Жапаров президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге курулуштун жана ага колдонулуучу материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Маалыматка ылайык, автобекеттин курулушу быйыл августка чейин аяктайт.

Буга чейин Каныбек Туманбаев жаңы автобекеттин курулушу 2026-жылдын экинчи кварталында бүткөрүү пландалып жатканын "Азаттыкка" билдирген.

Бишкектеги эки: чыгыш жана батыш автобекеттери 2024-жылдын аягында шаар сыртына чыгарылып, жаңы, заманбап автобекеттер курулары кабарланган.

Батыш автобекети шаардын күн батыш четиндеги "Аккула" ат майданы жайгаша турган аймакка, убактылуу курулган бекетке көчүрүлгөн. Ал эми чыгыш автобекети шаардын түндүк-чыгыш четиндеги Алма-Ата көчөсү 1/1 дарегине жылдырылган.

Шаар тургундарынын жаңы автобекеттерге жетүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу нааразылыгынан соң, аталган автобекеттерге жеткирүүчү автобус каттамдары уюштурулган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG