Италиянын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Пьергабриэле Пападиа де Боттини ди Сант-Аньезе Римде кармалганын la Repubblica гезити жазды. Ал Шенген визасын Орусиялык жарандарга сатууга шек саналууда.
Басылманын маалыматына караганда, дипломат жана дагы бир адам мыйзамсыз иммиграцияга көмөктөшүүгө жана кызматтык милдетин аткаруудагы коррупцияга шек саналууда.
Пападиа тергөө аяктаганча камакка алынды.
"Бөгөт чарасы шектүүнүн качып кетүү тобокелдигинен улам чектелди, анткени ал кармалганга чейин Орусияга виза алуу мүмкүнчүлүгүнө кызыккан", - деп жазды la Repubblica.
Басылма тергөөнүн маалыматтарына шилтеме кылып жазгандай, мурдагы элчи өзүнүн ассистентинин жардамы менен узак мөөнөттүү туристтик визаларды бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө Орусиянын жарандарына берүү схемасын уюштурган.
"Жыйынтыгында визаны Шенген аймагына кирүү жоболору боюнча иштелип чыккан талаптарга жооп бербегендер да алышкан", - деп жазды гезит.
Тергөөнүн жүрүшүндө Италияга виза берүү үчүн экс-элчи мыйзам боюнча визалык төлөм ар бир арыздан 45-60 евро экенине карабай, ар бир кишиден 4 миңден 16 миң еврого чейинки өлчөмдө кошумча жыйымдарды алып келгени аныкталган.
Тергөө ошондой эле шылуундук Москвадагы даректе катталган Happy Travel, Visa4you жана Park Lane туристтик агенттиктери аркылуу жүргүзүлгөнүн аныктаган. Кеминде 95 орусиялык жаран бул агенттиктер аркылуу Италияга киришкен. Алар расмий түрдө виза алуу талаптарына ылайык келбейт. Айрым учурларда алар консулдук аймакта жашабаганы, кээде визага арыздарга башка адам тарабынан кол коюлганы, кээ бирөөлөрү консулдукка бир да жолу барбай туруп, виза алышканы кабарланды.
Схема Италиянын Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын июль айындагы расмий текшерүүсү учурунда ачылган. Анда документтерде одоно эреже бузуулар табылган. Мисалы, Италиянын Ташкенттеги элчилигинен виза берилген 81 учурда орусиялыктар консулдукка барган эмес.
Тергөөдө ошондой эле турагенттиктер 2025-жылдын январынан июль айына чейин Болгариядагы банк эсебине 23 600 еврону үстөгү менен карыз катары декларациялап которушканын аныктады. Эсеп Италиянын жарандыгы бар орусиялык Татьяна Таракановага таандык болгон. Ал Болгарияда жашаган жана мурда Пападиа менен чогуу Италиянын Москвадагы элчилигинде иштеген. Пападиа Ташкенттеги элчи болгон соң, аны виза бөлүмүнө жумушка алган.
Прокурорлор жана финансы полициясынын кызматкерлери жалпы 400дөй ишти жана италиялык дипломаттын 3 млн еврого бааланган мүлкүн иликтеп жатышат. Пападиа мүлкү мураска калганын билдирген.