АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Тегерандын планын алганын 10-майда ырастады.
Кошмо Штаттары өз сунушун расмий жарыялаган эмес. Маалымат каражаттары Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөргө жол ачышы мүмкүн делген жана 14 пункттан турган меморандум тууралуу сөз болуп жатканын жазышкан.
Жекшембиде Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө Ирандын өкүлдөрүнөн келген жооптуу окуганын жазды.
«Ал мага жакпады. Такыр кабыл алынгыс!» — деди Трамп.
Бирок ал Американын планынын мазмуну кандай экенин, ага Иран эмне деп жооп кайтарганын тактаган жок.
Дональд Трамп
Америка президентинин бул билдирүүсү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын деген Tasnim маалымат агенттиги Тегерандын шартын жарыялагандан кийин жасалды.
Аталган агенттик анда Иран өзүнө каршы санкцияларды жокко чыгарууну, АКШнын деңиздеги курчоосун токтотуу, мындан аркы кол салуулар болбойт деген кепилдик талап кылганын жазган.
Tasnim Тегерандын сунушунда Ирандын бардык аймагында, анын ичинде Ливанда согушту токтотуу талабы камтылганын кошумчалады.
Трамптын соңку билдирүүсүнөн кийин ирандык мамлекеттик маалымат каражаттары Тегеран согушта келтирилген зыян үчүн компенсация жана Ормузга көзөмөлдү расмий таанууну да талап кылганын кабарлашты.
2026-жылдын 6-майы. Тегеран. Ирандын жогорку лидери, аятолла Можтаба Хаменеи жана анын атасы, маркум Али Хаменеинин сүрөтү
Маалымат каражаттарынын божомолунда, АКШнын планы бир барактан турган меморандумда камтылган. Анда ок атышууларды токтотуу, Ормузду ачуу сунушу бар, бирок Иран өзү үчүн маанилүү деп эсептеген маселелер, анын ичинде уран байытуу укугу кийинкиге калтырылганы айтылууда.
Негизинен азыр согушту убактылуу токтотуу келишими сакталууда.
Ошол эле маалда аймакта тараптардын бири-бирине сокку уруусу анча-мынча уланып жатканы кабарланды.
Иран дүйнөлүк мунай менен газдын болжол менен 20% ташылган Ормуз кысыгын дале жаап турат.
Дагы караңыз
Ормуз кризиси: Трамптын долбоору токтотулду, курчоо күчүндөБыйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга сокку уруп, Тегеран ага жооп кайтарып Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгын жаап койгон.
Бул кадам дүйнөлүк базарда мунайын баасынын кескин өсүшүн шарттады.
Вашингтон Тегеранга басым кылуу менен өз талаптарынын аткарылышына жетишүү үчүн Ирандын портторун курчоону күчөтүүдө.
Тараптар бир катар маселелер боюнча орток пикирге келе элек.
Алардын ичинде Ирандын уран байытуу мүмкүнчүлүгү жана Ормуз кысыгын көзөмөлдөө боюнча талаш чоң.