4-майдагы атышуулар дээрлик бир ай мурда жарыяланган тынчтык режимин бузушу мүмкүн деген кооптонууларды күчөттү.
Айрымдар толук масштабдуу согуш кайра башталышы ыктымал деп чочулашты.
Американын аскер-деңиз күчтөрү Иран Ормуз кысыгын жапкандан кийин Перс булуңунда токтоп калган айрым коммерциялык кемелерди коштоп өтө баштады.
Пентагондо өткөн маалымат жыйынында сүйлөп жатып АКШнын коргоо министри Пит Хегсет бул операция «убактылуу гана чечим» экенин айтып, Ирандан блокаданы токтотууну кайрадан талап кылды.
АКШнын аскердик кемелери да азыркы тирешүүнүн алкагында Иран портторун блокадага алып жатат.
«Иранга эл аралык суу жолдорунда бейкүнөө өлкөлөрдүн жана алардын товарларынын өтүшүнө тоскоол болууга жол берилбеши керек», — деди Хегсет журналисттерге.
Анын айтымында, Иран тарап «бул кысыкты биз көзөмөлдөйбүз» деп билдирген, бирок «бул андай эмес».
«Тынчтык келишими бузулган жок»
Ок атышууну токтотуу тууралуу суроого жооп берип жатып Хегсет «тынчтык келишими бузулбаганын» айтты.
«Биз коргонобуз жана катуу коргонобуз деп айтканбыз. Биз дал ушуну жасап жатабыз. Иран муну билет. Акырында бул кырдаал тынчтык келишиминин бузулушуна алып келеби же жокпу, чечимди президент кабыл алат», — деди ал.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылары комитетинин төрагасы Дэн Кейн Иран 8-апрелдеги атышууну токтотуу келишиминен бери АКШ күчтөрүнө «10дон ашык жолу» чабуул жасаганын айтты.
Бирок, анын айтымында, бул «ири масштабдагы согуштук аракеттерди кайра баштоого себеп болгон эмес».
Кейн билдиргендей, Перс булуңунда 1 550дөн ашык коммерциялык кемедеги болжол менен 22 500 деңизчи жана экипаж мүчөлөрү кысыктан өтө албай, токтоп калган.
4-май күнү Fox News каналына курган маегинде АКШ президенти Дональд Трамп Иранга кайрадан эскертүү жасап, эгер америкалык кемелер бутага алынса ал «жер бетинен жок кылынарын» билдирди.
Ирандын Бириккен Араб Эмирликтерине карай төрт ракета учурушу АКШнын союздашы болгон бул өлкөнүн кескин реакциясын жаратып, алар жооп кайтаруу мүмкүн экенин эскертишти.
БАЭнин аскерлеринин маалыматына ылайык, ракеталардын үчөөнү абадан коргонуу системалары атып түшүргөн, ал эми төртүнчүсү деңизге кулаган.
Ошондой эле ирандык дрон Фужейра портуна сокку урган. Анын натыйжасында ал жерде өрт чыгып, үч индиялык жаран жаракат алган.
Оман булуңунда жайгашкан бул порт Ормуз кысыгы жабылган соң дагы да маанилүү болуп калган.
Тегеран менен Вашингтондун ортосунда туруктуу тынчтык келишимин түзүүгө Ирандын өзөктүк программасы тоскоолдук жаратууда.
Вашингтон Тегерандан урандан, анын ичинде жогорку деңгээлде байытылган урандан баш тартууну талап кылууда. АКШ бийлигинин эсебинде, андай уранды Иран бийлиги курал жасоо үчүн колдонушу мүмкүн.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи азырынча Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрү боюнча сүйлөшүүлөр жүрбөй жатканын билдирди.
Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи сүйлөшүүлөр үчүн Бээжин шаарына жөнөп кеткен. Кытай Жакынкы Чыгыштан экспорттолгон мунайдан, айрыкча Ормуз кысыгы аркылуу жеткирилген жүктөн көз каранды.
Кытайлык расмийлер тынчтыкка жетишүүгө көмөктөшүү жана кеме кыймылын кайра жандандыруу үчүн жашыруун сүйлөшүүлөргө катышып жатышат.
Шерине