Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалидев Улуттук олимпиада комитетинин президенттигине (УОК) талапкерлигин койбой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. Экс-депутат буга эмне себеп болгонун ачыктаган эмес.
Мен Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президентин кызматына талапкерлигимди көрсөтпөө чечимин кабыл алдым. Биз мындан ары да Кыргызстандагы волейболду жана спортту өнүктүрүү үчүн биргеликте иш алып барабыз", - деп жазды ал.
Улуттук олимпиада комитетин 2024-жылдан бери жетектеп келаткан Үмбөталы Кыдыралиев быйыл марттын аягында кызматтан кеткен. Ал УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин санаалашы катары айтылып жүрөт.
Буга чейин УОКтун жаңы башчысын жана биринчи вице-президентин шайлоо 11-майда өтөрү айтылган. Сатыбалдиевден тышкары комитет башчылыгына Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуевдин жана Хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморкановдун талапкерлиги сунушталып жатканын айрым маалымат каражаттары жазышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган. Ушул окуялардын фонунда бир катар депутаттар мандатын тапшырып, айрым жетекчилер кызматтан алынды. (КЕ)
Сатыбалдиев Улуттук олимпиада комитетинин президенттигине талапкерлигин койбойт
Элмурза Сатыбалдиев.