Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жаңы башкы планы кабыл алынганын билдирип, бул боюнча токтомду жана жаңы картаны жарыялады. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев долбоорду 25-апрелде бекиткен.
Мэрия билдиргендей, башкы план 2050-жылга чейин күчүндө болот жана андагы стратегиялык максат – Бишкекти Борбор Азиянын каржылык жана логистикалык борборуна айландыруу. Туруктуу өнүгүү, санариптештирүү жана заманбап инфраструктураны түзүү менен калктын жашоосун жогорулатуу да максат кылынган.
Башкы планга ылайык, 2050-жылга чейин шаар тургундарынын саны 2 миллион адамга чейин өсөрү болжолдонгон. Алдыдагы 25 жылда четки конуштардын инфраструктуралык маселелерин чечүү, борборлоштурулган жылуулук түзүмүн жакшыртуу жана энергияны үнөмдүү колдонгон технологияны киргизүү каралган.
Коомдук транспорттун ролун жогорулатуу жана тыгындарды азайтуу үчүн жаңы магистралдар салынат.
Мындан тышкары шаарды толук газдаштыруу жана суу керектөөнү үнөмдөө жол-жобосун киргизүү да бар.
Логистикалык борборлор шаар сыртына чыгарылат, саркынды сууну тазалоо тутумдарын жакшыртуу жана Бишкектин “жашыл каркасын” калыбына келтирүү аракети жүрөт.
Жаңы долбоор кабыл алынганы Бишкектин 2006-жылкы башкы планы күчүн жоготту деп табылды. Жаңынын концепциясын Санкт-Петербург шаар курулуш илимий-изилдөө институту даярдаган.