Кыргызстандык К. А. аттуу 27 жаштагы жаран Түркиянын Анталия провинциясында жол кырсыгынан көз жумду. Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ырастап, кырсык 11-май күнү аталган провинциянын Белек шаарында болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, Анталия шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкери бул факты боюнча Түркиянын тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушту жана маркумдун туугандары менен байланышта болууда.
"Түркиянын ыйгарым укуктуу органдары кабарлагандай, жол кырсыгына шектүү айдоочу кармалган, иштин материалдары прокуратурага өткөрүлүп берилген. Прокуратура тергөө учурунда шектүүнү камакка алуу жөнүндө өтүнүч киргизген. Учурда бөгөт коюу чарасы Серик шаарынын райондук сотунда каралууда", - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.
Башкы консулдук маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууну тездетүү боюнча зарыл чараларды көрүп жатканы кабарланды.
Түркиянын маалымат каражаттары жазгандай, кырсык 11-майда түнкү саат 03:00 чамасында болгон. Басылмалар велосипед менен бараткан кыргызстандык жаран такси менен кагышып, жол четине ыргып кеткенин, полиция жана "Тез жардам" кызматы анын ошол жерде мерт кеткенин аныкташканын жазышкан.
Маалыматтарга ылайык, кыргызстандык жигит мейманканада бармен болуп иштеген.
Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет. Ошондой эле Түркияда эки миңдей кыргызстандык студент билим алат.(ZKo)