Акыйкатчы Таластагы жатак мектептерде шарт жетишсиз экенин билдирди

Т. Бабанов атындагы жатак мектеп. Талас облусу. (Сүрөт Омбудсменге таандык)

Акыйкатчы институтунун Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аймактагы 2 жатак мектепке мониторинг жүргүзүп, бир катар укук бузууларды аныкташкан. Алар апрель айында Айтматов районундагы Т. Бабанов атындагы жана Манас районундагы “Улукман” жатак мектептеринде окуучулардын жашоо шарттары, тамак-ашы жана окуу процессин текшеришкен.

Натыйжада Т. Бабанов атындагы жатак мектепте балдардын саны нормадан көптүгү аныкталган. 136 окуучуга ылайыкташканына карабастан учурда ал жерде 215 бала билим алат. Жатаканаларда керебеттер жыш жайгашкан, ал эми төшөнчү-матрастары эскирген абалда.

"Санитардык түйүндөр да жетишсиз, 133 кызга болгону 2 кол жуучу жер жана 1 унитаз бар. Талап боюнча 10 кызга 1 унитаз, 1 кол жуучу жер болушу шарт", - деп жазылган акыйкатчынын маалыматында.

Ошондой эле жатаканада балдар менен кыздардын уктоочу бөлмөлөрү бир кабатта жайгашканы, буга чейинки сунуш менен орнотулган коопсуздук тосмолору коридорду жаппасы жана андан оңой эле ашып өтүүгө болору кошумчаланган.

Укук коргоочулар жатак мектепте медициналык жардам көрсөтүү да жетишсиздигин, дары-дармек толук эместигин, айрымдарынын мөөнөтү өтүп кеткенин белгилөөдө.

Текшерүү учурунда окуучулар тамак-аштын сапатына да нааразы экенин билдиришкен.

Акыйкатчынын өкүлдөрү “Улукман” жатак мектебинде да 100 баланын ордуна 106 окуучу билим алып жатканын аныкташкан. Мектеп 1972-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

"Имараттын терезелери жана жылытуу системасы эскирип, жаан-чачында чатырынан суу кирет. Спорт зал жок", - деп билдирди омбудсмен.

Мониторингдин жыйынтыгы менен Талас облустук мамлекеттик администрациясына жатак мектептерде аныкталган бузууларды жоюу талабы жөнөтүлдү.

Акыйкатчы институту балдардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоону көзөмөлдөө үчүн мектеп-интернат жана башка мекемелерге мониторинг жүргүзүүнү улантарын эскертти.
Буга чейин институттун кызматкерлери Бишкек шаарындагы М. Абдраев атындагы музыкалык окуу жайды текшеришкен.(ZKo)

Дагы караңыз

"Фабрика куруу Бакиевдерди жоопкерчиликтен бошотпойт". Араздашкан "апрелчилер"Бишкектин жаңы башкы планы жарыяландыОштогу "снос": Кенемте үчүн 53 гектар жер трансформацияланатТүркияда кыргызстандык жаран жол кырсыгынан көз жумдуУкраинада президенттик кеңсенин мурдагы башчысы жемкорлукка шектелүүдөКараколдо концертте көрсөтүлгөн "Z" символу. Орусия пропагандасын күчөттүбү?