Спорт жана саясат. Улуттук олимпиада комитетиндеги шайлоо
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Улуттук олимпиада комитетин 29 жаштагы Айваз Оморканов жетектейт. Ал буга чейин Эл аралык хоккей комитетинин вице-президенти болуп келген жана анын олимпиада уюмунун башкаруусуна келиши түрдүү пикирлер менен коштолду. Комитетти эки жылдан бери жетектеп келаткан Үмбөталы Кыдыралиев марттын аягында кызматтан кетип, орун ошондон бери бош турган. Кыдыралиев атайын кызматтын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин санаалашы саналып, анын ишин тапшыруусу да талкууларды жараткан.