Орусия: Согушка айдалып каза болгон студенттердин бири тууралуу алгачкы маалымат жарыяланды

Учкучсуз учак. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы согушка, учкучсуз учак башкаруучу аскер кызматкери катары тартылган алгачкы орусиялык студент мерт кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу Би-би-синин орус кызматы жазды.

Бурятиянын 23 жаштагы тургуну Валерий Аверин Коргоо министрлиги менен 2026-жылдын 3-январында келишим түзүп, учкучсуз учак башкаруучу операторлукка окуган. Окуусун аяктаганына эки жума болгондо - 6-апрелде ал Луганск облусунда мерт кетти.

Аверин Бурятиядагы Курулуш жана өндүрүш технологиялары техникумунда акыркы курста окуп жаткан, быйыл диплом алмак. Балдар үйүндө чоңойгон, 11 жашында асырап алынган. Аскердик милдетин өтөгөн эмес.

Асырап алган апасы Оксана Афанасьеванын сөзүнө караганда, Аверин келишимди жашыруун түзгөн. 2-апрелде акыркы жолу апасына чалып, "байланыш тартпаган" жакка кетип баратканын айткан. 8-апрелде ага уулу өлгөнүн угузушкан. Расмий версия боюнча ал миномет менен аткылоодон мерт кеткен. Афанасьева Аверинди чабуулга жиберишкен деп эсептейт.

Коргоо министрлигинин өкүлдөрү буга чейин учкучсуз учактарды башкарууга тартылгандар алдыңкы катарда согушка жиберилбей турганын айтышкан.

Афанасьеванын сөзүнө караганда, техникумдун башка студенттеринин арасынан да мерт кеткендери бар, бирок маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок.

Валерий Аверин окуган техникумда "эрдик сабактары" такай өткөрүлүп, анда студенттерди келишим менен аскерге барууга үгүттөшкөн. №63411 аскердик бөлүк ал жакта "инженердик куралдануу көргөзмөсүн" уюштурган - анда дрондор да коюлган.

Быйыл жыл башында илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков Орусиядагы ири жогорку окуу жайларынын ректорлоруна Коргоо министрлиги менен кеминде 2% студенттер келишим түзүүгө тийиштигин билдиргенин Faridaily агенттиги жазган. T-Invariant басылмасы студенттерди азгырууну "мобилизациянын жаңы толкуну" деп атаган.

"Гроза" басылмасы студенттерди орус армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлоону көздөгөн үгүт иштери 200дөй жогорку окуу жайларында жана коллеждерде жүрүп жатканын санап чыккан. Ага ылайык, окуудан жетишпеген студенттерди окуудан чыгарыларын эскертип, келишим түзүүгө мажбурлашат жана алар болгону учкучсуз учактар аскеринде, фронттон алыс жакта бир жыл гана кызмат өтөөрүн убада беришет.

Студенттерди согушка азгыруу өнөктүгү жөнүндө маалымат каражаттары жаза баштаган соң Куралдуу күчтөрдүн Аскердик-саясий башкармалыгынын башчысы Виктор Горемыкин Коргоо министрлигинин студенттерди Украинадагы согушка мажбурлап келишим түздүрүүгө "дымагы да, мүмкүнчүлүгү да жоктугун", студенттердин баары өз каалоосу менен келишимге кол коюшканын билдирген.

Учкучсуз учактар аскери - Орусиянын Куралдуу күчтөрүндөгү 2025-жылдын аягында түзүлгөн жаңы аскер тармагы. Коргоо министри Андрей Белоусов бул тармакка 35 жашка чейинки, "жаңы технологияларды жана ылдамдыктарды ыкчам кабыл алуучу" жаштар тартыларын билдирген.

Дагы караңыз

Трамп Путин менен Орусия Донбассты бүт алары жөнүндө келишим болбогонун айттыКамчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши сотко өттүТрамп мамлекеттик сапар менен Кытайга барды"75чилердин каты": Камчыбек Ташиевдин иши сотко өттү Алишер Эрбаев УКМКнын мурдагы 22 кызматкери кармалганын айтты