Бишкектеги суу каптаган жолдор маселеси парламентте көтөрүлдү

Бишкектеги жол. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы жолдор талапка жооп бербей турганын акыркы нөшөр жаан көрсөткөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу айтып чыкты. 13-майда парламент отурумунда ал жаан күндөрү адамдар жана унаалар Бишкектин көчөлөрүндө суу кечип жүрүшкөнүн айтты:

"Бул кырдаалдан эл кыйналып жатат. Жаңы курулган жолдор сыноодон өткөн жок. Мунун баары жолдордун сапатсыз курулуп же оңдолгонунун кесепети. Долбоорлор сапатсыз болгону үчүн жарандарыбыз, автоунаалар аң-чөнөктөргө түшүп кетип жатат. Азыр да көптөгөн жолдор курулуп жатат. Ошондуктан жол курган компаниялардын ишине жана жолдордун сапатына көзөмөлдү күчөтүп, чара көрүү керек. Булардын жоопкерчилигин караш керек".

11-12-майдагы нөшөрлөп жааган жаан учурунда борбор калаа "Венецияга" айланганын айткан билдирүүлөр соцтармактарда сүрөт, видеолор менен кошо көп жарыяланды. Шаардагы ирригация системасы иштебегенин айткандар шаар бийлигин сынга алышты. Суу толгон арыкка адам түшүп кеткен видео да социалдык түйүндөргө тараган.

Суу каптаган жол жана аялдамалар маселеси Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин шаардыктар менен жолугушуусунда да көтөрүлүүдө. 400-500 миң сом сарпталып курулган жаңы аялдамалардын ичине да суу киргенин айтышты. (ZKo)

Дагы караңыз

"75чилердин каты": Камчыбек Ташиевдин иши сотко өттү УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Шабданбеков үй камагына чыктыШайлоодо талапкерди каттоо шартын катаалдатуу мыйзамы сунушталдыОрусия: Согушка айдалып каза болгон студенттердин бири тууралуу алгачкы маалымат жарыяландыТрамп мамлекеттик сапар менен Кытайга барды