14-майдын аба ырайы: Ош, Ысык-Көл, Нарында жаан жаайт

Бишкек

14-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Дагы караңыз

"75чилердин каты": Камчыбек Ташиевдин иши сотко өттү Шайлоодо талапкерди каттоо шартын катаалдатуу мыйзамы сунушталдыБишкектеги суу каптаган жолдор маселеси парламентте көтөрүлдү"Социалдык келишим" долбоору менен 57 миңден ашуун жумуш орду түзүлдүТрамп мамлекеттик сапар менен Кытайга барды