УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен кошо айыпталып жаткан кишилердин жагдайы белгилүү болду. Айыпталуучу Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев 13-майда “Азаттыкка” билдиргендей, Ташиевге, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жана мурдагы депутат Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") жана 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып коюлган.
Бул иш боюнча айыпталып жаткан дагы беш киши - “75чилердин катына” байланыштуу кармалган коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Аларга 337-берене (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып коюлган.
Адвокат түшүндүргөндөй, беш киши жогоруда айтылган мурдагы кызмат адамдары менен “кылмышка кош катышуучу” катары каралганы себептүү ушул берене менен айыпталууда.
Ногоев кылмыш ишине “жашыруун” грифи коюлганы менен материалдарда жашыра турган эч кандай маалымат жок деген пикирин билдирди.
“Айыптын коюлган жагдайы – лингвистикалык экспертиза. 75 кишинин каты боюнча экспертиза жүргүзүп, тигиндей-мындай болгон деген болбогон нерсе”, - деди адвокат.
Ички иштер министрлиги кылмыш ишинин жагдайы жана тергөөнүн жүрүшү боюнча маалымат бере элек.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, анда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Алар учурда камакта.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Абдылдабек Эгембердиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.
Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.