Эл менен жолугушууларда таза суу маселеси арбын айтылып жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин облустардагы өкүлдөрү, шаар мэрлеринин аймактардагы эл менен жолугушууларында эң көп көтөрүлгөн маселе - ичүүчү таза суу боюнча болууда. 11-майда башталган жолугушуулардын дээрлик бардыгында жергиликтүү тургундар суу көйгөйүн айтып жатышат.

12-майда президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Ноокат районунун тургундары менен жолугушуусунда Көк-Жар айылынын тургуну эл ылай суу ичип жатканын айтып, желим бөтөлкөгө куюлган ылай сууну өкүлгө тартуулады.

"Мына ушундай сууну Көк-Жар айылынын эли азыр ичип атабыз. Бул суу качан чыкты? Президент Садыр Жапаров келерден бир күн мурун чыккан. Мурда Камчыбек Ташиев келгенде да, жакында Садыр Жапаров келгенде дагы "жалаң дүжүрлөр" чогулуп алып чыныгы көйгөйдү айттырышкан эмес. Садыр Жапаров келгенде да так ушундай сууну алып барсак бизди киргизбей коюшту. Президент "Ноокаттын эли жакшы жашайт экен, жоош эл экен" деп курсан болуп кетти. Элдин көйгөйү айтылбай кала берген. Мына, уксун эми президент дагы. Элдин көйгөйү жык, толуп калган элдин көйгөйү", - деди тургун.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда Ош облусуна барып, бардык райондордун эли менен жолугушкан. Мамлекет башчы менен жолугушууга чыныгы көйгөй айтуучулар киргизилбегенине нааразылык ошондо да айтылган. 10-апрелде Ош шаарындагы Жапаров катышкан жыйынга кире албай калганын айткан кээ бир тургундар нааразылыгын билдиришкен. Айрымдары ыйлап, президентке жолуга албай калабызбы деп кабатыр болушкан.

Бирок акыры аларга залга кирүүгө, мамлекет башчыга суроо узатууга мүмкүнчүлүк берилгени белгилүү болгон.

Жапаров жергиликтүү бийлик башчыларына эл менен жеринде барып жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп, чечүүнү талап кылган. Ага ылайык, 11-майдан тарта бардык облустардын жетекчилери, шаар мэрлери райондорду кыдырып, эл менен жолугуп жатышат.(ZKo)

Дагы караңыз

"75чилер каты": Ташиев баш болгон сегиз кишинин соту жабык өтөтМэр Жунушалиев "Манас" университетин аралап өткөн жол ачыла турганын билдирдиОрусиянын аткылоосунан Полтавада 6,5 миңден ашуун абонент жарыксыз калды Мунай ташуучулар биримдиги Кыргызстанда бир айлык запас бар экенин билдирдиЭл менен жолугушууда Кадамжайда суу сактагыч куруу сунушталдыКара-Сууда Савай каналына түшүп кеткен келинди издөө уланууда