Казакстанда блогерлерди саясий посттору үчүн айыпка жыгуу сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда шайлоо маалында партияларды же талапкерлерди акысыз колдогон блогерлер менен соцтармак колдонуучуларына айып пул салуу сунушталууда.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Шавхат Утемисов билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Айып пул партиянын символу түшүрүлгөн посттор, партиянын логотиби бар кийим менен түшкөн сүрөт же видеолор, ошондой эле шайлоо учурунда партияларды жана талапкерлерди акысыз колдогон материалдар үчүн салынышы мүмкүн.

Талкууга депутат Никита Шаталовдун партияларды акысыз колдогон контент жарыялаган блогерлер тууралуу суроосу себеп болгон.

«Мындай учурда Борбордук шайлоо комиссиясы блогердин аракетин кандай баалайт? Жаран катары өз алдынча үгүт жүргүзүүбү, жашыруун үгүтпү же чыгымдар менен отчетто көрсөтүлүшү керек болгон шайлоо өнөктүгүнүн бир бөлүгүбү?» — деп сураган Шаталов.

БШКнын катчысы Шавхат Утемисов блогер талапкер же партия менен расмий келишим түзбөсө, анын аракеттери жашыруун үгүт катары бааланышы мүмкүн экенин айткан.

«Эгер мындай жазуу түрүндөгү макулдук жок болсо, анда бул жашыруун үгүт болуп эсептелет. Ал үчүн Административдик укук бузуулар кодексинин 118-беренеси боюнча жоопкерчилик каралган», — деген Утемисов.

Казакстандын Административдик укук бузуулар кодексинин 118-беренеси талапкерлерге же саясий партияларга алардын жазуу түрүндөгү макулдугусуз кызмат көрсөткөн жеке жана юридикалык жактарга жоопкерчилик карайт.

Бул учурда жеке адамдарга болжол менен 86 500 теңге же 190 долларга жакын айып пул салынышы мүмкүн. Ал эми бизнес өкүлдөрү менен уюмдар үчүн айып пул мындан да жогору болот.

Дагы караңыз

Шайлоодо талапкерди каттоо шартын катаалдатуу мыйзамы сунушталдыТрамп Путин менен Орусия Донбассты бүт алары жөнүндө келишим болбогонун айттыКасымалиев санкциялар боюнча Батыш менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди