Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Касымалиев санкциялар боюнча Батыш менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигинин жетекчиликтери менен кыргыз банктарына салынган санкцияларды жана Бишкекке эки товарды жөнөтүүгө тыюу салган чараны алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атканын билдирди. Бул тууралуу ал 13-майда мамлекеттик курулуштарды текшерүү маалында айтты. Касымалиев өзү да, орун басары Амангелдиев да алар менен байланышып жатканын, оң жемиштер болуп калышы мүмкүндүн кошумчалады.

Минкаб башчысы эки товарды экспорттоону токтотууну Кыргызстанга салынган санкция деп санабай турганын кошумчалап, ал эми жеке компаниялар күмөндүү товарларды жөнөткөнү аныкталса, аларга чара көрүлүп жатканын белгиледи.

Касымалиев жалпы жонунан кыргыз банктарына салынган санкцияларды калыс эмес аракет катары сыпаттап, Кыргызстан Орусияга санкциядан буйтоого көмөктөшпөгөнүн, андай конкреттүү фактылар жок экенин маалымдады.

Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Москвага санкция салып баштаган Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.

Кыргызстандын мамлекеттик “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктары “криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон” деген кине менен АКШнын, Улуу Британиянын санкциясына илинген.

Европа Биримдигинин дипломаттары жакында Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашкан. Анын алкагында Кыргызстанга да металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынат.

Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, соңку чаранын кесепети деле жок экенин билдирген.

2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди. 28 ишкананын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, 4 компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, 2 ишкана Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары санкцияга илинген.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG