Мамдума чет жактагы орус жарандарын коргоо үчүн армияны колдонуу мыйзамын кабыл алды

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын жыйыны.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы экинчи жана үчүнчү окууда дароо Орусиянын жарандарынын «укуктарын коргоо» үчүн армияны чет өлкөдө колдонууга уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды.

Мыйзамга ылайык, Орусиянын жарандары чет өлкөдө камакка алынганда же кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурда, анын ичинде Орусия катышпаган эл аралык сот органдарынын чечими менен куугунтукка алынганда, куралдуу күчтөрдү колдонууга уруксат берилет.

Документте армияны чет өлкөдө колдонуу тууралуу чечимди президент кабыл алары көрсөтүлгөн. Бирок камакка алынган жарандарды коргоо үчүн орус күчтөрү кандайча колдонулары так жазылган эмес.

Мыйзам долбооруна комментарий берип жатып, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин «Батыштагы сот адилеттиги жакпай калган адамдарга каршы репрессия куралына айланды» деп айтып, «мындай шартта биздин жарандардын корголушу үчүн бардык чараны көрүү маанилүү» экенин белгиледи.

Мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думанын коргонуу комитетинин төрагасы Андрей Картаполов да колдоп, ал «ашынган русофобия кампаниясына» каршы багытталганын билдирди.

Мыйзам күчүнө кириши үчүн аны Федерация Кеңеши жактырып, президент Владимир Путин кол коюшу керек.

Азыркы мыйзам боюнча Орусиянын Куралдуу күчтөрүн чет өлкөдө колдонуу үчүн президентке Федерация Кеңешинин уруксаты талап кылынат.

Украинага 2022-жылы согуш ачар алдында ушундай уруксат берилген.

Орусия жарандарынын чет өлкөдө кармалышы жана соттолушу менен байланышкан бир катар окуялар чоң резонанс жараткан.

Алардын арасында АКШнын өтүнүчү менен курал сатуучу Виктор Бут кармалган. Берлинде Зелимхан Хангошвилини атып өлтүргөн Вадим Красиковдун Германияда кармалып, кийин соттолгон.

Айрым серепчилер жаңы мыйзам долбоору Орусиянын аскерлерин чет өлкөдө колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, Орусия менен Батыштын ортосундагы куралдуу тирешүүнү күчөтүшү мүмкүн деп кооптонушууда.

Дагы караңыз

Шайлоодо талапкерди каттоо шартын катаалдатуу мыйзамы сунушталдыТрамп Путин менен Орусия Донбассты бүт алары жөнүндө келишим болбогонун айттыКасымалиев санкциялар боюнча Батыш менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди