Трамптын Бээжин сапары: Тайван, Иран жана стратегиялык тиреш

АКШ президенти Дональд Трамптын учагы Бээжиндеги Эл аралык борбордук аэропортко конду. Аны атайын шаан-шөкөт менен тосуп алышты. Бээжин, Кытай. 13-май, 2026-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп 13-майда Бээжинге барды. Ал Кытай лидери Си Цзинпин менен биргеликте саммитке катышары күтүлүүдө. Бул жыйын учурда көпчүлүктүн көңүл борборунда. Себеби, Ирандагы согуш дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын ортосундагы мамилени турукташтыруу аракеттерине көлөкө түшүрүүдө.

Трамп 2017-жылдан бери Кытайга биринчи жолу барды. Ал 14-майда Си Цзинпин менен эки күндүк расмий сүйлөшүүлөрдү баштайт.

Күн тартибинде соода тиреши, Тайван, жасалма интеллект жана сейрек кездешүүчү минералдардын экспорту негизги темалар болот деп күтүлүүдө.

Бирок Ирандагы согуш жана Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуулардын дээрлик токтоп калышы жолугушуунун маанилүүлүгүн мурдагыдан да арттырып, ал тургай татаал кылып жатат.

Вашингтондон жолго чыгар алдында сүйлөгөн Трамп Бээжин согушту токтотууда чечүүчү роль ойной алат деген пикирлерди четке какты.

«Иран боюнча бизге эч кимдин жардамы кереги жок деп ойлойм. Тынч жол мененби же башка жол мененби, биз баары бир жеңебиз», — деди Трамп 12-майда журналисттерге.

Дүйнөдө экономикалык белгисиздик жана геосаясий кризистер күчөп жаткан чакта эки держава тең эки тараптуу алакада туруктуулукту сактоого кызыкдар болуп турушат.

«Кытай менен АКШнын ортосунда туруктуу мамиле түзүүгө эки тарап тең кызыкдар. АКШ азыр, айрыкча, Жакынкы Чыгышта активдүү кызыкчылыктарга ээ. Ал эми Кытай солгундап жаткан экономикасын кайра жандандырууга умтулууда», — деди Гарварддагы Кеннеди атындагы мектептин АКШ–Азия мамилелери боюнча профессору Рана Миттер «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде.

Дагы караңыз

Сейрек минералдар. Кытайдын чектөөсү АКШны эмнеге чочулатты?

Басым алдындагы соода элдешүүсү

Геосаясий чыңалууга карабастан, эки тарап тең саммиттин негизги темасы соода жана экономика болорун билдиришти.

«Биз президент Си менен көп маселелерди талкуулайбыз. Бирок эң башкысы соода маселеси болот», — деди Трамп Air Force One учагына отурар алдында.

Трамп Ирандагы согуштун экономикалык кесепеттерине байланыштуу ички сынга кабылууда. Айрыкча, Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашынан улам күйүүчү май кымбаттап, инфляция күчөшү коомчулукта тынчсыздануу жаратууда.

Бээжин үчүн экспорттун өсүшүнүн жайлашы жана дүйнөлүк суроо-талаптын төмөндөшү тууралуу кооптонуулар өлкө экономикасы үчүн тынчсыздандырган белги болуп жатат.

Бул Вашингтон менен мамиленин мындан ары начарлашына жол бербөө боюнча басымды күчөттү.

Трамп администрациясынын өкүлдөрүнүн айтымында, Ак үй былтыр жетишилген соода боюнча макулдашууну сактап калууга үмүт артууда.

Ал келишимге ылайык, Кытай сейрек кездешүүчү минералдарды кайрадан жеткирүүнү жандандырган. Анын ордуна АКШ айрым тарифтерди жана экспорттук чектөөлөрдү жеңилдеткен.

Бул минералдардын жеткирүү тармагында Кытай үстөмдүк кылат жана алар Американын өндүрүшү менен коргонуу тармагы үчүн өтө маанилүү.

Ошондой эле тараптар Кошмо Штаттардын айыл чарба продукцияларын жана Boeing учактарын сатып алуу, мындан аркы экономикалык координация механизмдери тууралуу да сүйлөшөрү күтүлүүдө.

Дагы караңыз

"Башка согуштарды дыкат изилдеп турат". Бээжин Ирандагы жаңжалдан кандай сабак алууда?

Тараптардын тиреши

Кытай өкүлдөрү Трамп менен Тайван маселесин да көтөрөрү күтүлүүдө.

Бээжин Тайванды өз аймагы деп эсептейт жана аны акыры өз көзөмөлүнө ала турганын билдирип келет.

Тайвандан тышкары, Иран маселеси да сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири бойдон.

Кытай согуш учурунда да Тегеран менен жакын мамилесин сактап, Ирандын мунайын сатып алууну улантып жатат.

Ошол эле учурда Бээжин Американын аракеттерин ачык сындап келет. Кытай өзүн дипломатиялык туруктуулукту камсыз кылган күч катары көрсөтүүгө аракет кылууда.

Кытай бийлиги муну АКШнын «бир тараптуу саясатына» каршы ыкма катары сыпаттап жүрөт.

Дагы караңыз

АКШ Ирандын мунайын иштеткен Кытайдагы заводдорго эскертүү берди

Трамп администрациясы акыркы убактарда бул мамилеге көбүрөөк көңүл бура баштады. Акыркы жумаларда Вашингтон Ирандын мунайын иштеткен деп айыпталган бир нече кытайлык компанияга жана Ирандын аскердик операцияларына спутник аркылуу колдоо көрсөткөн делген төрт кытайлык түзүмгө санкция салды.

АКШ өкүлдөрүнүн айтымында, саммит учурунда Трамп Си Цзиньпинге Бээжиндин Тегеранга экономикалык колдоо көрсөтүп жатканы боюнча басым жасашы күтүлүүдө.

Ошол эле учурда талдоочулар эки тарап тең чоң тирешүүгө кызыкдар эмес экенин белгилешет.

«Иран жана кеңири геосаясий маселелер боюнча сүйлөшүүлөр мунай баасынын дагы өсүп кетишине жол бербөө жана чыңалууну көзөмөлдөө маселелерине багытталышы мүмкүн. Бирок стратегиялык айырмачылыктар терең болгондуктан, олуттуу жакындашуу болушу күмөн», - деди Франциядагы Natixis финансылык компаниясынын Азия–Тынч океан аймагы боюнча башкы экономисти Алисия Гарсия-Эрреро «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна.