Президенттин тапшырмасына ылайык облус, шаарлардын жетекчилери жер-жерлерде эл менен жолугушууларды улантууда.
Мамлекет башчынын Ысык-Көлдөгү өкүлү Бактыбек Жетигеновдун эл менен жолугушууларында жер тилке маселеси, жеке менчик жерлерди трансформациялоо жана башка жерге байланышкан көйгөйлөр арбын көтөрүлүп жатат. Тургундар көл жээгинен, эс алуу аймактарынан алынган жер тилкелерине кийинки жылдары ээлик кыла албай жатканына даттанышты.
Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн тургуну 2009-жылы мыйзам чегинде "кызыл китеби" менен 10 сотых жер алганын, бирок былтыртан бери тилке талашка түшүп жатканын айтты.
"Биз жети киши он сотыхтан алганбыз. Бардык документтерибиз бар. Кадастрда да маалыматыбыз турат. Мыйзам чегинде чечип берсеңиз", - деп суранды тургун.
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы аталган тилкелер мурдагы "Тополек" лагеринин жеринен берилип кеткенин, 8 гектардан азыр 6 гектар калганын, өкмөттүн социалдык объекттерди кайтаруу ишинин алкагында жерин кайра алуу жүрүп жатканын билдирди. Тилке талашы Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүндө тергелип жатканы кабарланды.
Жолугушууларда жергиликтүү тургундар өрүктү сатуу жана кайра иштетүү, кайра иштетилгенден кийинки сатууну жолго коюп берүүнү да суранып жатышат.
Мындан тышкары Кумтөр алтын кенинин кирешесинен аймактын инфратүзүмүн жакшыртууга иштетүү маселесин да коюшту.
Президент Салыр Жапаров жергиликтүү бийлик башчыларына эл менен жеринде барып жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп, чечүүнү талап кылган. Ага ылайык, 11-майдан тартып бардык облустардын жетекчилери, шаар мэрлери райондорду кыдырып, эл менен жолугуп жатышат. Жолугушууларда эл ичүүчү суу, жол, мектеп, турак жай тургузуу үчүн жер тилкесин алуу жана башка көйгөйлөрдү көтөрүүдө.(ZKo)