Украина: Сот Ермакты камакка алуу чечимин чыгарды

Андрей Ермак сот залында, 2026-жылдын 13-майы.

Украинада Жогорку антикоррупциялык сот президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Андрей Ермакка 140 миллион гривна күрөө коюу мүмкүнчүлүгү менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Ермак көрсөтүлгөн сумманы төксө эркиндикте калат, болбосо камакка алынат.

Айыптоочу тарап соттон Ермакты камакка алууну жана күрөө катары 180 миллион гривна белгилөөнү сураган. Ошентип сот прокуратуранын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды.

Киевдин четиндеги элиталык курулушта 460 миллион гривнаны легалдаштырууга шектелип жаткан Ермакка бөгөт коюу чарасын Жогорку антикоррупциялык сот 12-майда карай баштаган.

Коррупцияга каршы адистештирилген прокуратуранын прокурору Валентина Гребенюк камакка алуу жана альтернативдүү күрөө өтүнүчүн негиздеп жатып Ермак чет өлкөдө да, Украинада да жашырынууга жетиштүү ресурсу бар экенин билдирди. Прокуратуранын маалыматы боюнча, учурда анын төрт дипломатиялык паспорту бар, эң акыркысынын мөөнөтү 2030-жылга чейин жарактуу.

Ермак өзүнө коюлган айыптарды негизсиз деп эсептейт. 13-майдагы отурумда ал күрөө үчүн 180 миллион гривнасы жок экенин айтты.

Ермактын жактоочулары соттон бөгөт чарасы катары “мыйзамда каралган чектерде” күрөө тандап берүүнү, ошондой эле анын Украина ичинде эркин жүрүүсүнө чектөө койбоону суранышты. Анткени бул анын адвокаттык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилешти.

Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) 11-майда “Киевдин четиндеги элиталык курулушта 460 миллион гривнаны легалдаштырууга катышкан уюшкан топтун” бети ачылганын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча 2021–2025-жылдар аралыгында шектүүлөр Киев облусундагы Козин айылында коттеж куруу аркылуу 460 миллион гривнадан ашык каражатты “адалдашкан”. Кеп жалпы аянты 8 гектарга жакын жер тилкесиндеги төрт жеке резиденция, кошумча имараттар жана курулуштар, ошондой эле жалпы колдонуудагы өзүнчө резиденция тууралуу болуп жатат.

Бул иш боюнча дагы алты адам шектүү катары өтүүдө. Алардын арасында мурдагы вице-премьер, ишкер (2025-жылдын ноябрындагы «Мидас» атайын операциясынын алкагында бети ачылган кылмыштуу уюмдун жетекчилеринин бири) жана башка адамдар бар.

“Суспільне” телеканалына маегинде Ермактын адвокаты Игорь Фомин анын Киевдин четиндеги элиталык курулушта 460 миллион гривнаны легалдаштырууга тиешеси бар деген маалыматты четке какты. Ал “бул кырдаалдын баары коомдук басым аркылуу жасалма түрдө уюштурулган” деп эсептейт.

2025-жылдын ноябрында Украинанын президенти Владимир Зеленский аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирген. Бул окуя Ермактын үйүндөгү тинтүү учурунда болгон. Коррупцияга каршы улуттук бюро 28-ноябрда президенттин аппаратынын жетекчисинде тергөө амалдары жүрүп жатканын тастыктаган, бирок иштин чоо-жайын ачыктаган эмес.

Кызматтан кеткенден кийин Ермак фронтко аттана турганын, ошондой эле “ар кандай кесепеттерге даяр” экенин айтып, өзүн “ак ниет жана таза адам” деп эсептей турганын белгилеген.

Дагы караңыз

Кыргызстанда эки жаңы банк түзүлдүТрамп Си менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Бээжинге бардыВенгрия бийлиги Закарпатьеге урулган соккудан улам Орусиянын элчисин чакырдыБашка адамдын паспортун соцтармакка уруксатсыз жарыялагандарды жазалоо сунушталууда