15-майда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күңдүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.