Быйыл февралда АКШда жол кырсыгына байланыштуу кармалган кыргызстандык Бекжан Бейшекеевдин иши боюнча жакында соттук териштирүү башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын бир тууганы Султан Бейшекеев 14-майда билдирди. Ал социалдык тармактарда Бекжан тууралуу туура эмес маалымат тарап жатканын белгиледи.
“Азыр тергөө жүрүп жатат. Экспертизалар дайындалган. Анын адвокаттары бар. Мамлекеттик эмес, жеке адвокаттар иштеп жатышат. Жакында соту болот, күтүп жатабыз. Прокуратура 28,5 жыл абакка кесүүнү сураптыр деген так эмес маалымат, андай сөз жок”, - деди Бейшекеев.
Ал Бекжанды күрөө менен абактан чыгаруу аракети да жүрүп жатканын кошумчалады.
Мунун алдында социалдык тармактарда Бекжан Бейшекеевдин адвокаты жок болуп жатканы тууралуу билдирүүлөр чыккан.
АКШнын Индиана штатында быйыл 3-февралда Бекжан Бейшекеев жүк ташуучу унаасы менен каршы тилкеге чыгып кетип, жети кишилик машине менен кагышкан. Кырсыктан төрт америкалык жаран каза тапкан.
Ички коопсуздук департаменти Fox News телеканалына билдиргендей, Бейшекеев АКШга 2024-жылдын 19-декабрында Аризона штатындагы Ногалес чек ара өткөрмө пункту аркылуу CBP One мобилдик тиркемеси менен кирген. Ал АКШда трак компаниясында иштеген. Федералдык автотранспорт коопсуздугу башкармалыгы (FMCSA) айдоочуну жумушка алган AJ Partners компаниясынын ишин толук токтоткону маалым болгон. Андан тышкары айдоочуга коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) берген Aydana Trucking School мектебинин сертификаты дагы жокко чыгарылган.
Бейшекеев менен Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин өкүлдөрү жолугуп, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча укуктук-консулдук кеңеш беришкен.