Жаныбек Исаков Жумгал районунун акими болуп дайындалды

Жаныбек Исаков

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жаныбек Исаков Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Адыбек Набиев бул кызматтан бошотулган.

Жаныбек Исаков буга чейин президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары, ага чейин Кадамжай районунун акими, Баткен облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп иштеген.(ZKo)

Дагы караңыз

"Ак-Бууранын жээгинен далай аткаминер мыйзамсыз жер алган". Оштогу "снос" Улуттук илимдер академиясында жетекчи алмаштыЧүйдө унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду. Алардын төртөө жаш балдарУрматбек Самаев Токтогул районунун акими болдуЖалал-Абад: Жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине кол салгандар көбөйгөнү айтылдыОштун облус башчысы эл менен жолугушуу учурунда УКМК кызматкерин зекиди