2010-жылы Апрель окуясында жабыркагандардын жана алардын жакындарынын "Апрель" ассоциациясы мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, эл аралык Гаага сотуна кайрылышмакчы. Бул тууралуу аталган ассоциациянын мүчөсү - "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун жетекчиси Нурия Айдабосунова "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.
Ал Бакиевдерди "апрелчилердин" бир бөлүгүнө тигүү фабрикасын курдуруу аркылуу актоо аракети жүрүп жатат деп эсептейт:
"Бийлик жабырлануучулардын колу менен Бакиевди актоого аракеттенип жатат. Бул Бакиевдерге жабырлануучуларга кун төлөтүү идеясынан башталган. Буга президенттин жардамчылары да аралашкан. "Апрель" ассоциациясы бул аракетке каршыбыз. Бакиевдин бул аракети өлкөнүн кайсы мыйзамына жооп берет? Ал Апрель окуясына чейин эле кыргыздын ондон ашуун мыкты жаранынын көзүн тазалоого салым кошкон. Ал биздин башыбыздан ылдый алтын төгүп койсо да жоопкерчиликтен кутулбайт, эч кандай кечирим болбойт, болууга да тийиш эмес", - деди Нурия Айдабосунова.
"Апрель" ассоциациясы көз карандысыз, эл аралык сотко Бакиевдер чыныгы жазасын алат деген үмүттө кайрылып жатышканын айтты.
2010-жылы бийликтен кулатылып, ошондон бери Беларуста жашап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев каржылап, куруп берген фабрикага 10-майда президент Садыр Жапаров барып, "апрелчилер" менен жолуккан. Анда президент тигүү цехин Бакиевдер куруп берерине башында ишенбегенин билдирип, 2010-жылы Апрель окуяларында жабыр тарткандардын жакындарын фабриканы ынтымакта иштетүүгө чакырган.
Жолугушууда "апрелчилердин" атынан сүйлөгөн “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомунун жетекчиси Усупбий Шеримбаев бул фабриканын чоо-жайын Садыр Жапаровго түшүндүрүп, Бакиевден ушундай жол менен кун алууну чечишкенин айткан.
Президент фабрикага баргандан кийин соцтармактарда аны сындаган пикирлер пайда болгон. Апрель окуясында жакындары каза болгон жана жабыркагандар Садыр Жапаровдун фабрикага барышына нааразылыгын билдирип, мунун артында Бакиевдерди актоо жана Кыргызстанга алып келүү аракети турат дешкен.
Талкууга жооп кылган президенттик администрация фабрика куруу Бакиевдерди укуктук жазадан куткарбасын билдирген. 11-майда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Жапаровдун “апрелчилерге” барышы Бакиевдерге карата чыгарылган сот чечимдерине жана берилген укуктук баага эч кандай тиешеси жоктугун белгилеген:
"Президенттин бул аймакка келе жатканын уккан Апрель окуясынын катышуучулары алардын комплексине барып, көрө кетүүнү өтүнүшкөн. Өзгөчө белгилей кетсем, 2010-жылдагы окуялар боюнча бардык соттук чечимдер жана укуктук баалар күчүндө калат. Президенттин “апрелчилерге” баруусунун бул юридикалык маселелерге эч кандай тиешеси жок. Кыдыруу учурунда Садыр Жапаров курулуштарды көрүп чыгып, цехте аны күтүп турган “апрелчилер” менен кыскача баарлашты".
Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. Ал Март ыңкылабынын шары менен бийликке келген. Бийликте турган маалында бир катар адамдардын өлтүрүлгөнү, үй-бүлө мүчөлөрү бийликке аралашканы коомчулукта нааразылыкты жаратып, 7-апрелдеги элдик толкундоонун аркасында бийликтен кулатылган. Ал күнү Ала-Тоо аятынына чыккан тынч жарандарга каршы ок атылып, 87 адам каза болгон, 1000 ден ашууну жараат алган. Ошол күнү ок жаңылгандын бир тобу кийинки жылдары каза болду. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.(КS/ZKo)