17-майга караган түнү Украинанын аймактары кайрадан Орусиянын согуштук дрондорунун жана ракеталарынын чабуулуна кабылды. Харьков, Запорожье, Днепропетровск жана Одесса облустары аткыланды.
Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов дрондор шаардын Салтовский, Киевский, Основянский жана Холодногорский райондоруна тийгенин билдирди. Көп кабаттуу турак үйдүн терезелери талкаланып, 10дон ашык автоунаа жабыркады. Адамдар арасында, баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров дрон май куюучу жайга тийип, ал толугу менен күйүп кеткенин билдирди. 25 жаштагы аял жаракат алды. Бул аймакка сокку башкарылуучу авиабомбалар менен урулганы белгилүү болду.
Днепр шаарында турак үй өрттөнүп, 70 жаштагы аял жараат алганын Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди.
17-майга караган түнү Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер да абадан коргонуу тууралуу эскертүү берген.
Украинага Орусия 2022-жылдын февралында кол салып, толук масштабдуу согуш баштаган. Согушту токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек.