1-июндан тартып Кыргызстанда жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктоочу жаңы автоматташтырылган комплекстер иштей баштайт. Бул тууралуу 16-майда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, жол эрежесин бузгандарды аныктоочу программалык-аппараттык комплекс сыноодон ийгиликтүү өткөрүлдү. Ал айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашырып, коопсуздук курун тагынбай, машина айдап баратып телефон колдонгон, каршы тилкеге чыгып айдаган учурду дароо аныктай алат.
1-июндан тартып аталган программалык-аппараттык комплекстер республика боюнча толук иш режиминине киришет.
Соңку убакта өлкөдө жол кырсыгы көп катталып, үрөй учурган көрүнүштөр орун алууда. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.