Зеленский Москвага соккуларды "Орусиянын согушуна жооп" деп атады

Соккунун натыйжасы. Москва. 17-май, 2026-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 17-майга караган түндө украиналык учкучсуз учактардын Москва жана Москва облусуна соккулары тууралуу комментарий берди. Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы маалымдагандай жана жеринен тартылган сүрөт жана видеолор менен тастыкталгандай, соккунун натыйжасында энергетика жана аскер өндүрүшүнө байланышы бар бир катар объектилер жабыркады.
Турак жайлар да жабыркады. Акыркы маалыматтар боюнча үч адам мерт кетти, арасында Индиянын жараны бар. 17 адам жаракат алды.

"Бүгүн Украинанын Коргонуу күчтөрү, Коопсуздук жана чалгын кызматы Москва аймагы боюнча өтө масштабдуу иштешти", - деди Зеленский видеокайрылуусунда. Ал бутага чейинки аралыктар 500 чакырымдан ашканын белгиледи, ал эми Москва аймагы абадан коргонуучу система менен тыгыз жабдылганын, "украиналык алыска сокку уруучу аракеттер алардан ашып түшкөнүн" айтты.

Зеленский Украинанын алыскы аралыкка ийгиликтүү соккулары "кырдаалды жана орусиялык согуш тууралуу жалпы дүйнөлүк түшүнүктү олуттуу өзгөртөрүн" айтты.

"Согуш күтүлгөндөй эле "туулган жээгине" кайтып келе жатат жана бул Украинага каршы баскынчылык согуш жүргүзүүгө такыр мүмкүн эместигинин так белгиси", - деди Зеленский.

Зеленский соккуларды украин шаарларына орусиялык соккуларга "толугу менен адилеттүү жооп" деп атады.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жекшембиде соккулардын натыйжасында Москва облусунун Зеленоград шаарында орусиялык аскер-өндүрүш комплексинин маанилүү компоненти саналган жана микроэлектроника, радиоэлектоника, оптикалык системалар жана аскердик муктаждыктар үчүн роботтехника өндүрүүгө катышкан "Ангстрем" ишканасы жарактан чыкканын билдирди.

Ошондой эле Москва облусунда мунай куюучу "Солнечногорская" насостук станциясы жабыркаган. Башкы штабдын маалыматында Капотнядагы мунай иштетүүчү заводго сокку урулганы тууралуу айтылган эмес. Башкы штаб мындан тышкары Москва облусундагы буталарга RS-1 "Барс", FP-1 "Firepoint", БАРС-СМ "GLADIATOR" жана башка учкучсуз учактар колдонулганын билдирди.

Москванын мэри Сергей Собяниндин маалыматына караганда, сутка ичинде шаар аймагына 120 дрон менен сокку урулган. Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде украиналык 556 дрон жок кылынганы билдирди.

Орусия ошол эле түнү Украинага дээрлик 300 дрон менен чабуул койгон.

Дагы караңыз

Амангелдиев банктар “Камбар-Ата-1” ГЭСине каражат бөлүүгө даяр экенин айттыСадыр Жапаров БУУдагы шайлоого байланыштуу дүйнө лидерлерине кайрылдыЭболанын сейрек түрү: Дүйнөлүк саламаттык уюму тынчсыздануусун билдирдиЖол эрежесин бузгандарды дароо аныктоочу жаңы жабдык колдонула баштайтМосква аймагы согуш башталгандан берки эң ири чабуулга кабылды