Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Наргиз Мохаммади ооруканадан үйүнө чыгарылды

Наргиз Мохаммади ооруканада. Тегеран, 11-май, 2026-жыл.

Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты Наргиз Мохаммади Тегерандагы кардиологиялык клиникасынан үйүнө чыгарылганын анын фонду билдирди.

Мохаммади үстүбүздөгү айдын башында баш калаадан 330 километр алыс Зенжан абагынан ооруканага жеткирилген. Анда бир тууганы Хамидреза Мохаммади Наргиз “жашоо үчүн күрөшүп жатканын” айткан. Кийин үй-бүлөсү аны Тегерандагы клиниканын интенсивдүү терапия бөлүмүнө которгон.

Укук коргоочунун кызы Кияна Рахмани энеси ооруканадан чыгарылганын, саламаттыгына байланыштуу түрмөнүн сыртында медициналык көзөмөлгө муктаж болгонун билдирди.

“Темир тор артына кайтуу апам үчүн өлүм жазасына тете. Биз анын эркиндигин камсыздоого, негизсиз айыптоолорду алдырууга, куугунтукту токтоттурууга тийишпиз. Укук коргоочулук – бул кылмыш эмес. Бир дагы укук коргоочу ал үчүн камалбашы керек”, - деп кошумчалады Рахмани.

Аялдардын укуктары, өлүм жазасын алып салуу үчүн узак жылдардан бери күрөшүп келген 53 жаштагы Мохаммади 2023-жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган. Былтыр 12-декабрда укук коргоочу активист, адвокат, күмөндүү жагдайда каза болгон Хосров Аликордини эскерүү иш- чарасына катышкан жеринен кармалган. Прокуратура ал "чагымчыл билдирүүлөрдү жасап", элди "коомдук тартипти бузууга шыкактаган" деп билдирген. Мохаммади кармоо учурунда аны союл менен сабашканын айткан. Кийин ага бир нече жолу алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ал быйыл февралда «улуттук коопсуздукка каршы кутум уюштурган, жыйын өткөрүп, пропаганда жүргүзгөн» деп айыпталып жети жарым жылга кесилген. Ал өзү бул дооматтарды четке кагып келет.

Дагы караңыз

Баштапкы соттук угууга Ташиев менен Талгарбеков катышкан жокAmnesty International: Иран былтыр 2100дөн ашуун кишини өлүм жазасына тарткан Медиа: Трамп Иранга каршы жаңы чабуулду ушул жумада талкуулайт