Бишкек мэриясы жаңы конуштар үчүн 625 автобус сатып алат

Ак-Ордо жаңы конушу, Бишкек. (архив)

Борбор калаа башчылыгы сегиз метрлик 625 автобус сатып алууну көздөөдө, быйыл күзүндө бул автобустар алып келинет.

Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 18-майдагы жыйынында билдирди.

"Бул автобустар жаңы конуштардагы каттамдарга бөлүнөт. Анткени, жаңы конуштарда жолдор тар жана кууш болгондуктан, 10-12 метрлик автобустардын жүрүшү кыйын болууда", - деди Рамиз Алиев.

Вице-мэр депутаттарга билдиргендей, Бишкекте 455 миң автоунаа катталган, бирок күн сайын шаардын жолдорунда 700 миңден ашуун унаа жүрөт. Борбор калаа 350 миң машинага гана эсептелген. Мындан тышкары шаарда күн сайын 1 567 автобус жана электробустар каттамга чыгат.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети 18-майдагы отурумунда “Бишкек жана Ош шаарларында транспорт тыгындарын азайтуу жана автомобиль транспортунун коопсуз кыймылын камсыз кылуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угушту. Депутаттарга Бишкек, Ош мэриясынын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат беришти. (ZKo)

Дагы караңыз

Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Наргиз Мохаммади ооруканадан үйүнө чыгарылды Орусиянын Украинага соккуларынан бери дегенде 30 киши жараат алдыБаштапкы соттук угууга Ташиев менен Талгарбеков катышкан жокКасымалиев мамлекеттик кызматкерлерди аба муздаткычсыз иштеп, жарыкты үнөмдөөгө чакырдыЖогорку сот Бакировду “добуш сатып алуу иши” боюнча актадыОрус рублинин сомго карата курсу 2022-жылдан бери жогору чекке жетти