Ал дүйнөдөгү соңку учурдагы куралдуу кагылышууларга токтолуп, ага сарпталган каражат адамзатты татыктуу жашоо менен камсыз кылууга жете турганын белгилеген.
Кыргызстан бул мүчөлүккө талапкер катары Борбор Азия мамлекеттеринин колдоосун алганына токтолгон президент мамлекеттин шайлоо алдындагы максаттарын тизмектеди.
“Кыргыз Республикасынын талапкерлиги Борбордук Азия мамлекеттеринин бир добуштан колдоосуна ээ, бул аймактык консолидациянын сапаттык жаңы деңгээлин чагылдырат жана Коопсуздук кеңешинде мамлекеттердин кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын эске алган, макулдашылган жана жоопкерчиликтүү позиция менен чыгууга даяр экендигибизди ырастайт. Кыргызстан Коопсуздук кеңешине мүчө болууга өзгөчө маани берет жана муну жергебиздеги элдердин тагдыры үчүн жогорулаган жоопкерчилик катары карайт. Кеп эл аралык системанын башкарылуусу Коопсуздук кеңештин натыйжалуулугуна түздөн-түз көз каранды болгон мезгилдеги конкреттүү иш-аракеттер жөнүндө болуп жатат. Биз Кеңештин өзүнүн баштапкы функциясына – чыр-чатактарды саясий коштоо эмес, укукка, кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна жана чыр-чатактардын алдын алууга негизделген чечимдерди иштеп чыгууга кайтып келүү зарылдыгынан чыгабыз".
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде жалпы 15 мамлекет болсо, анын ону туруктуу эмес мүчөлөр. Туруктуу эмес дегенде, алар ар жылы бештен эки жылга шайланып турат. Аймак боюнча квота бөлүнөт жана учурда кеңешке мүчө Пакистандын ордуна Кыргызстан менен Филиппин ат салышканы турат. Добуш берүү 3-июнда болуп, ага БУУга мүчө мамлекеттердин баары катышат.
Президент атаандаш өлкө буга чейин Коопсуздук кеңешине төрт жолу мүчө болгонун, Кыргызстан Борбор Азиянын өкүлү катары ат салышып жатканын белгилеген. Былтыр ноябрда Ташкентте Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери Кыргызстандын Коопсуздук кеңешине талапкерлигин колдоп, дүйнө лидерлерине кайрылуу жолдошкон.
Дагы караңыз
Иран генералынын Бишкек сапары, Израил президентинин билдирүүсүЖапаров жана Тышкы иштер министрлиги, жооптуу жетекчилер эл аралык иш-чараларда, жолугушууларда Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырып келет. Маселен, өткөн айда Кыргызстанга иш сапары менен келген Того мамлекетинин премьер-министри Фор Эссозимна Гнассингбе да шайлоодо расмий Бишкекти колдой турганын айткан.
Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Чынара Эсенгул буларга токтолду:
“Албетте, эл аралык мамиледе рычагдар көбөйөт. Бул жакшы нерсе. Көптөн бери даярдык болуп келатат. Борбор Азия дагы Кыргызстан аркылуу өзүнүн позициясын көрсөтөт. Азыркыдай геосаясаттагы белгисиз уланып жаткан чакта бул процесске катышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, айрым өзгөртүүлөрдү жасоого аябай маанилүү позиция. Туруктуу эмес мүчөлөрдүн таасири азыраак. Бирок алар деле маанилүү. Айрым маселелерде алардын добушу чечүүчү болуп калат”.
БУУнун Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого жоопкерчилик алган негизги органдардын бири. Башка институттардан айырмаланып, бул кеңештин чечимдерин БУУга мүчө мамлекеттер аткарууга милдеттүү. Кеңештин туруктүү беш мүчөсү - АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция. Бул мүчөлөрдүн геосаясий чыңалуунун катышуучусу болуп калган учурларды белгилеп, конфликттерге кириптер болгонун сынга алгандар да бар.
Дагы караңыз
ЖККУнун Бишкек саммити: Уюмдун келечеги, жаңы баш катчыСаясат таануучу Эмилбек Жороев айрым өлкөлөр Кыргызстандын тажрыйбасына, карманган принциптерине да карашы мүмкүн деген пикирде.
“Бул жерде Кыргызстандын аракетин биздин ички саясатыбыздагы шайлоого окшоштурсак болот. Анда ар кандай факторлор таасир этет. Мисалы, талапкердин сапаты же партиянын платформасы сыяктуу жагдайлар. Кыргызстандын шайлоого аракети акыркы айлардагы кампаниясы өзгөчө мааниге ээ болушу мүмкүн. Албетте, Кыргызстандын аброю, тажрыйбасы, мамлекет катары эл аралык маанилүү принциптерде туруктуулук көрсөтө алганыбыз айрым өлкөлөр үчүн маанилүү. Дүйнөдө мамлекеттердин ар кыл көз караштары бар. Кээ бирлери үчүн биринчиде коопсуздук турат жана башка багыттар ага тең келе албайт. Айрымдар үчүн ошол коопсуздук адам укугунан же демократиядан куралат. Андыктан дүйнөнүн добуш берүүчү мамлекеттери кайсы негиздерди карап добуш берет, айтуу кыйын".
Кыргызстан бул шайлоодо утуп чыкса, Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон экинчи борборазиялык мамлекет болот. Бул аймактан Казакстан 2017-2018-жылдары туруктуу эмес мүчө болгон.