Африка өлкөлөрү менен кызматташуунун экономикалык жана саясий келечеги барбы?
Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Бишкекке кыргыз бийлигинин чакыруусу менен келди. Аны 28-апрелде “Манас” аэропортунан өкмөт башчы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Кыргызстандын тарыхында Фор Эссозимна Гнассингбе Африкадан келген эң алгачкы мамлекет башчы болуп калды. Аны менен кыргыз бийлигинин расмий жолугушуусу 29-апрелде “Ынтымак Ордодо” өттү.
Президент Садыр Жапаров Тогонун өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келишин эки өлкө үчүн тең маанилүү, тарыхый окуя деп атады.
“Маалым болгондой, Кыргызстан менен Тогонун ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери активдүү байланыштар болгон эмес. Биз эки элдин ынтымагын бекемдөөгө чечкиндүү кадамдарды таштоого даярбыз. Ушуга карата азыркы сапарыңыз саясий диалогду өнүктүрүүгө жана эки тараптуу кызматташууга туруктуу негиз түзөт деп ишенем. Биз Африка өлкөлөрү менен кызматташууну, дипломатиялык географияны кеңейтүүгө чоң маани беребиз. Өткөн жылы Эфиопияда биринчи элчилигибиз иштеп баштады, жакын арада Мисирде (Египет) иштеп баштайт. Того менен кызматташуунун бардык багытына кызыкдарбыз жана аны Африкадагы негизги өнөктөш катары карайбыз”, - деди Жапаров.
Президенттик аппараттан кабарлашкандай, жолугушуу жүрүшүндө инвестиция тартуу, маданият, айыл чарба, санарип технологиясы, жогорку билим берүү, саламаттык сактоо, соода жаатында эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Кыргызстанга президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келген Фор Эссозимна Гнассингбе бул келишимдерди “тутумдуу жана ырааттуу түрдө ишке ашыруу” керектигине токтолгон.
БУУдагы шайлоо, Бишкектин мүдөөсү
Быйыл февралда Кыргызстан Африка биримдигинде байкоочу макамына ээ болгон. Былтыр Эфиопия менен Египетте элчилик ачуу токтомуна кол коюлган.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев булардын баарын Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчөсү болуу аракетине байланыштырды.
“Бул Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин БУУнун Коопсуздук кеңешине чектелген мөөнөткө мүчө болуу аракети окшойт. Муну шайлоого окшоштурсак болот. Кыргызстан көпчүлүк добуштарды алгысы келет. Бизге атаандаш болуп Филиппин мамлекети ат салышууда. Бул дагы дымактуу, чоң мамлекет. Менин түшүнгөнүмө караганда, ТИМ Африкадагы көп өлкөлөрдүн добушун алууга аракет кылууда. Шайлоо июнь айында өтөт. Ийгиликтүү өтүп калсак, андан ары иштеш керек. Ийгиликсиз болуп калса, азыркы аракеттердин уландысы болбойт. Анткени биздин экономикалык кызыкчылыктарыбыз жана мүмкүнчүлүктөрүбүз Африкадагы мамлекеттердикинен кыйла алыс. Того - Африкадагы дүйнөлүк аренада таасири жокко эсе, үй-бүлөлүк, диктатордук башкаруу орун алган мамлекет экен. Бир добуш берет чыгар, бирок ага башкалары кошулбаса керек. Андыктан кайсы дипломатиялык аракеттерден улам Тогонун лидери келди деп таң калып жатам”.
Айрым эксперттер Африка өлкөлөрү менен алака түзүү көп тараптуу кызматташтык саясатынын бир бөлүгү экенин айтышууда.
Жыл башында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бир катар өлкөлөрдүн дипломаттарын кабыл алган.
Министр анда Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун айткан. Дос мамлекеттердин жана өнөктөштөрдүн колдоосуна үмүт артарын кыйыткан.
Бишкек Африка өлкөлөрүнөн колдоо күтөрүн Тогонун лидери менен жолукканда президент Садыр Жапаров дагы бир жолу кайталады.
Бул органга шайлоо 3-июнда БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде өтөт. Кыргызстандын негизги атаандашы Филиппин болмокчу.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуу Кыргызстандын эл аралык аброю үчүн керек экенин белгиледи.
“Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болгон деген аты бар да. Аларга мамлекеттер кайсы бир маселени чечүү боюнча кайрылат. Ошондой маселеде аларга жардам берип, өз кызыкчылыктарыбызды дагы алдыга жылдырсак болот. Абройлуу уюмдарга мүчө болгондо кадыр-баркыбыз эле жогорулайт. Кечээ эле ШКУнун коргоо министрлери келди. Азыр бул уюмда Кыргызстан төрагалык кылууда. Кичине мамлекет болгонубуз менен ушундай таасирдүү уюмдарга мүчө болгонубуз үчүн биз менен эсептешип жатат. Тогону эми ТИМ байкаштырып, бизге ылайыктуу деп тандаса керек. БУУда добуш бергенде ушул өлкө ыңгайлуу болуп турабы деп ойлоп турам. Келечекте бул өлкө аркылуу Африканын чоң уюмдарына чыгабыз деген ою барбы, айтор ТИМ мунун себебин ачык айтпаса керек”.
"Тогону тоготпой коюуга болбойт"
Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков Африка өлкөлөрүнө башынан эле дүйнөлүк державалар кызыгарын, айрыкча экономикалык максаттар үчүн кызматташуу ашыкча болбосун айтты:
“Африка - жаратылыш ресурстарына бай континент. Алтын, мунай көп. Ошол себептүү дүйнөлүк державалардын баары кызыгат. Советтер Союзу урагандан кийин Кытайдын таасири артып, Африканын бардык өлкөсү менен кызматташууда. Албетте, биз андай лидерлик ролду ойной албайбыз. Бирок өз кызыкчылыгыбызга жараша иштешсек болот. Мурда зергерчилик жаатында жүргөндөр бир топ жыл мурда Африкадан арзан алтын алып келүүнү сунуштаганы эсимде. Экономикалык кызыкчылык алдыга чыгып жатса эмне үчүн кызматташууга болбосун?”.
Интернет булактардан Тоголез Республикасынын лидери былтыр Орусияга, 2023-жылы Казакстанга расмий сапар менен келип кеткенин көрүүгө болот.
Мүсүркул Кабылбеков Тогого кичинекей мамлекет деп тоготпостук менен кароого болбойт дейт.
“Бир чети аларга деле Борбор Азия кызык болушу мүмкүн. Өткөн кылымдын 1960-70-жылдары Советтер Союзу менен Африка өлкөлөрү кызматташып турган да. Мурдагы таасирлер азайган соң алар дагы кызматташа турган чөлкөмдөрдү издеши мүмкүн. Кичинекей өлкөлөр экономикалык, саясий күчкө ээ болбосо дагы кээде үчүнчү өлкөлөрдүн кызыкчылыгын алга сүрөйт. Азыр ар кандай эл аралык санкциялар, душмандашуулар күчөп жатат. Ошондой учурда Африка өлкөлөрү ортомчулук милдетти аткарышы мүмкүн. Геосаясатта эч нерсе жөн жерден жасалбайт. Жөн эле сүйлөшүү үчүн мындай кабыл алуулар болбойт. Дүйнө өтө пайдакеч. Эгер алар келип жатса сунуштай турган, талкуулай турган маселелер бар дегендей. Алар ишке ашабы же жокпу башка маселе. Андыктан Тогону кичинекей өлкө дебей, маселеге тереңирээк караш керек”.
Анткен менен Кыргызстандын калкында Африкага кызыгуу барбы деген суроо туулат. Макаланы даярдап жатканда Африка өлкөлөрүнүн саясатына көз салган эксперттерди же изилдөөчүлөрдү тапкан жокпуз.
Деңизге жакын чакан өлкө
Айрым эксперттер дүйнөлүк океанга чыга алган өлкө менен кызматташуунун келечеги кең болорун белгилешет.
Чыгыш Африкадагы Того Республикасы Атлантика океанынын Гвинея кысыгына жакын. Мындан улам өлкө чөлкөмдөгү деңизге чыга албаган коңшулары үчүн негизги логистикалык түйүн десек дагы болот. Тогонун “транзиттик маршруттагы” стратегиялык абалы Африкадагы 3 трлн долларлык көлөмү бар Континенталдык эркин соода аймагы макулдашуусуна киргенден тарта бекемделген. Франциялык Bollore конгломератына таандык Ломе порту 1,5 млн контейнер өткөрүүгө жөндөмдүү. Бул Сахаранын түштүгүндөгү өлкөлөр арасындагы экинчи, континенттеги бешинчи жүк ташыган порт.
Бул порттон тышкары өлкө экономикасы кен байлыктарга жана айыл чарбасына көз каранды.
Тоголез Республикасы Германиянын, Британиянын жана Франциянын колониясы болгон. 1960-жылы 27-апрелде 17 африкалык өлкө менен чогуу көз карандысыздыкка жеткен. Аянты 57 миң км². Калкынын саны 8 млн. Анын ичинен христиандар 43%, мусулмандар 14%, жергиликтүү ишенимди кармангандар 35.6% түзөт. Негизинен француз тилинде сүйлөшөт. Борбор калаасы Ломе.
1967-жылы аскердик төңкөрүштөн кийин бийликке келген Гнассингбе Эйадема өлкөнү 40 жылдай башкарган. Анын уулу Фор Эссозимна Гнассингбе 2005-жылы президенттикке шайланып, тактыда 20 жылдай отурган.
2024-2025-жылдары конституциялык реформа жүрүп, өлкө президенттик башкаруудан парламенттик системага өткөн. Фор Эссозимна Гнассингбе Министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалып, эбегейсиз бийлигин сактап калган.
Шерине