АКШ президенти Дональд Трамп Иранга 19-майга пландалган соккуларды Перс булуңундагы өлкөлөр - Катар, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтеринин өтүнүчү менен токтотконун билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social соцтармагына жазды.
"Биз эртеңкиге пландагандай Иранга сокку жасабайбыз. Бирок аларга эгер алгылыктуу макулдашуу жетишилбесе Иранга каршы кайсы учурда болбосун ири масштабдагы чабуулга даяр болушун эскерттик", – деп жазды ал.
Трамптын сөзүнө караганда, жакында Тегеран өзөктүк куралга ээ боло албай тургандай макулдашуу түзүлөт.
Мурдараак Axios жана CNN телеканалдары Трамп жакынкы күндөрү командасы менен Иранга каршы жаңы аскердик аракеттерин талкуулай турганын жазышкан. Жолугушуу 19-майга белгиленгенин Axios америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып билдирди. CNN өз булагына таянып иш-чара "апта башында" болорун маалымдады.
Басылмалардын маалыматына караганда, Трамп өзүнүн улуттук коопсуздук боюнча командасы менен жолугат.
The New York Times басылмасы май айында Трамптын жардамчылары эгер тиреш күчөсө Иранга жаңы соккулардын планын даярдаганын маалымдады. Сунушталган варианттардын арасында аскердик объекттерди бомбалоо жана Ирандан байытылган уранды алып чыгуу боюнча аскердик операция бар.
Трамп Иранга соккуну Перс булуңундагы өлкөлөрдүн өтүнүчү менен токтотконун билдирди
Дональд Трамп