Темирлан Айтиевдин ордуна Максат Алымбеков депутат болуп келди

Максат Алымбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-майдагы отурумунда Максат Алымбековго №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

Ал 11-майда өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырган Темирлан Айтиевдин ордуна келди. Темирлан Айтиев 2025-жылы ноябрда №20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ага шайлоочулардын 9021и добуш берип, округдагы эң көп добуш алган талапкер болгон.

Максат Алымбеков 2867 добуш топтогон. 42 жаштагы Максат Алымбеков Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Бишкек шаарындагы орто мектепти аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинен “Каржылык менежмент” багытында экинчи жогорку билимин алган.

Эмгек жолун 2005-жылы жеке адвокаттык кеңседе адвокаттын жардамчысы катары баштап, 2008-жылга чейин иштеген. 2017–2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси болгон. 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты – “Ынтымак” фракциясынын лидери болуп иштеп келаткан.

Жогорку Кеңеште ант бергенден кийин депутаттык кызматка киришет.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери УКМКнын бир катар мурдагы жогорку кызматта турган жетекчилери кармалып, айрымдары жумуштан алынды. Саясий окуялардын фонунда Жогорку Кеңештин он чакты депутаты мандатын тапшырды. Алардын дээрлик бардыгы өз каалоосу менен мандатын тапшырып, себебин коомчулукка айтышкан эмес. (BTo)

Дагы караңыз

Украина Беларустагы өзөктүк машыгууну айыптадыКамактагы ишкер Ташов президентке кайрылдыУкраин президентинин кеңсесинин мурдагы жетекчиси Андрей Ермак күрөөгө бошотулдуЮстиция министрлиги Батыштын санкциясын бузду делген 50 ишкананын ишин токтоттуБаштапкы соттук угууга Ташиев менен Талгарбеков катышкан жокКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн 214 үй алынат