Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эки жумада бир жолу бир сомго кымбаттай турганын билдирди.
Бул тууралуу ал 18-майда “Биринчи радионун” эфиринде айтып, муну дүйнөлүк биржаларда дизел жана бензин кымбаттаганы менен байланыштырды.
“Биз күйүүчү жана майлоочу майлардын 99,9% Орусиядан импорт кылабыз. Дүйнөдө болсо баа көтөрүлдү. Бааны чектеп койгонго өкмөттүн толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бааны чектесек Кыргызстанга күйүүчү майды эч ким алып келбей калат да таңкыстык пайда болот. Таңкыстык болгон жакшыбы же бааны турукташтырып кармап турган жакшыбы? Бул өтө чоң маселе. Акыркы күндөрү дүйнөлүк биржаларда баа үч эсе өсүп кетти. Буга чейин бензиндин тоннасы 600 доллардын тегерегинде болсо азыр 1200гө чейин чыгып кетти. Биз бааны дароо көтөрүп жибербей эки жумада бир жолу бир сомго көтөрүп турууга мүмкүнчүлүк бар. Эгерде дүйнөлүк биржаларда баа түшсө Монополияны жөнгө салуу кызматы күйүүчү майды импорттогон компаниялар менен иштеп, бааны түшүргөнгө аракет кылат”, - деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-майда күйүүчү май ташуу жана сатууда айрым салыктар алынарын, бул боюнча токтомдор жакында жарыяланарын айткан.
Мунай ташуучулардын маалыматына караганда, күйүүчү майдын дүйнөлүк баасы акыркы убакта 25-30% кымбаттады.
Кыргызстан өзү керектеген күйүүчү майдын дээрлик бардыгын Орусиядан сатып алат. Соңку айларда Украина Орусиянын Кара деңиздеги жана Балтикадагы портторуна, мунай иштетүүчү заводдоруна улам сокку урууда. (BTo)