Түштүк Калифорния университетинин профессору, укук коргоочу Стив Свердлов 19-майда “Манас” эл аралык аэропортунан чек арадан Кыргызстанга өткөрүлбөй, Түркиянын Стамбул шаарына депортация болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзү билдирди.
Ал чек арадан Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынганы айтылганын, бирок себеби түшүндүрүлбөгөнүн кабарлады.
Свердловдун сөзүнө караганда, акыркы жолу ал Кыргызстанга 2024-жылы келген жана чек арадан ушул убакыттан тарта Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынганын айтышкан.
Бул жолу ал америкалык 16 студентти алып келип, Кыргызстандын тарыхы, маданияты менен тааныштырууну максат кылган. Студенттер өлкөгө коё берилип, өзү артка кайтарылды.
“Мени Кыргызстанга эмнеге киргизбей койгону белгисиз. Мен адам укуктарын коргоо менен алектенем. Мүмкүн ушул негиз болушу мүмкүн деп ойлойм. Буга чейин мен иштеп кеткен Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун айрым кызматкерлерине да Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган. Кээ бир журналисттер да кире албай калышкан. Бирок биз Кыргызстанда абал мындай деп ойлогон эмеспиз”, - деди ал.
Мамлекеттик чек ара кызматы окуя тууралуу комментарий бере элек.
Стив Свердлов Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун Ташкенттеги, Алматыдагы жана Бишкектеги кеңселерин жетектеген. Ал соңку жылдары изилдөөчү катары Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы боюнча ой-пикирлерин бөлүшүп келет. Муну менен кошо музыкага кызыгып, жазз музыканты катары Бишкекте чакан концерттерди уюштурган.
2025-жылдын декабрь айында “Адам укуктары боюнча эл аралык федерация” (FIDH) эл аралык укук коргоо уюмунун Рафаил Лопухин баштаган үч эксперти “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстанга киргизилбей, артка кайтарылган. (BTo)