Бишкектеги №40 орто мектепте 5-класстын окуучусун классташтары басмырлап, бири сабаган окуяны милиция териштирип жатат.
Соцтармакта балдары ушул мектепте окуган ата-энелер 5-класстагы баланы классташтары такай басынтып, сабап келишкенин жазууда. Бала сабалганын ата-энесинен жашырып, денесиндеги көгөргөн тактарды жыгылып кеткенинен улам болгонун айтып келген.
Балдар аны сабап жаткан учурду телефонго тартып алып, мектептеги ватсап тайпаларга таратып жиберишкен. Тасма мектеп директоруна жана баланын ата-энесине жеткен. Ошондон соң ата-эне милицияга кайрылган.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматкери Назира Алакунова маалыматты "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, баланын ата-энеси райондук милицияга 18-майда кайрылган. Аталган факт райондук милицияда каттоого алынып, учурда бардык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
РИИБдин тергөө кызматынын башчысы Гүлдана Аскарованын "Азаттыкка" ырастаганына караганда, бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына жараша балдардын аракетине укуктук баа берилет.
Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 101 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 14кө көп.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов былтыр суицидге барган өспүрүмдөрдүн көбү Жалал-Абад облусунда катталганын билдирген. Аталган облуста 20 өспүрүм, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 18ден, Баткенде 13, Ош облусунда 10, Нарын жана Талас облустарында экиден, Бишкекте 12, Ош шаарында үч өспүрүм өз жанын кыйганы айтылган. Министрдин орун басары жаш балдар менен байланышкан жагымсыз окуялар көбүнчө маалымат каражаттарына чыкканда реакция жаратып жатканын белгилеген.
Суицидге барган балдардын 85и мектеп окуучулары, 11и студенттер, беш бала эч жерде окубаганы, 66,3% эркек балдар, 33,7% кыздар экени аныкталган. Өз жанын кыйган айрым балдардын жакындары өлүмгө мектептеги чоңсунуу, рэкетчилик себеп болгонун айтып чыгышкан. (ZКo)