Нөшөрлөп жааган жаандан улам 19-майдын кечинде айрым аймактарда сел жүрдү. Социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү Каракол—Ак-Суу жолун сел суу каптап кеткени тартылган тасмалар жарыяланды. Ошондой эле маалыматтарда Ак-Суу дарыясы ташып, катар жайгашкан айылдардын көчөлөрүн жана короолорду каптаганы да айтылууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ысык-Көлдөгү башкармалыгы сел суу Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө киргенин маалымдады. Шаардагы Восход кичи районундагы №2, №6, №9 көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүнө, ошондой эле Геология кичи районундагы №160 көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүнө суу кирген. Каракол шаардык жарандык коргонуу кызматы тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
19-майда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда да сел жүргөнү, Кара-Жыгач—Таш-Көмүр жолун каптаганы кабарланды. Айылдардагы ички чарбалык жолдорго да суу толгонун жергиликтүү тургундар Ватсап тайпаларда, соцтармактарда бөлүшүп жатышат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, Аксы районунда Таш-Көмүр—Кара-Жыгач—Кербен жолунун 45, 48-чакырым аралыгы бир тараптуу тазаланып, ачылды. Ошондой эле сел суусу Ак-Жол айыл аймагындагы ички чарбалык жолдорду, көпүрөнүн устунун жеп кеткен. Селдин кесепеттерин жоюу иштери 20-май күнү улантылууда.
19-майдагы нөшөр жаандан кийин Майлуу-Суу шаарында сел суу жолду каптаган.
Ала-Бука районунда ӨКМдин куткаруучулары 3 үйдүн жертөлөсүн суудан толук тазалашты. Селдин кесепетинен улам жарактан чыккан Кербен—Ала-Бука унаа жолундагы көпүрөнү жана Достук айылындагы ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери 20-май күнү да жүргүзүлүүдө.
Ош облусунун Араван районунда 19-майда саат 22:30 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен арыктардан ашкан суу Жаңы-Араван айылынын Шадыбий көчөсүндө 1 турак жайдын, Маңгыт айылында 3 үйдүн жертөлөсүн жана 2 турак үйдүн короосун каптаган. ӨКМдин Аравандагы бөлүмүнөн 3 куткаруучу жана атайын техниканын жардамы менен суу сордурулуп, тазаланды.
ӨКМ 19-майдан 23-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөр жаандан сел жүрүү коркунучу бар экенин жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымалдыгын эскерткен.(ZKo)