Кыргызстанда 100 миңден ашуун адам жумушсуз катары каттоодо турат

Күнүмдүк ишке жалданып иштеген жумушсуз адамдар. Бишкек. ("Азаттыктын" архиви)

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда жумушсуздардын жалпы саны 104 700 адамды, ал эми жумушсуздуктун жалпы деңгээли 3,7% түздү. Бул алты жыл мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,1 пайызга аз.

Мындай маалымат 19-майда Бишкекте өткөн иш менен камсыз кылуу жана эмгектин келечеги тууралуу форумда айтылды.

Ага ылайык, 2023-жылы 109 миң жумуш орду түзүлгөн болсо, 2024-жылы 263 миң, ал эми 2025-жылы 274 миң жумуш орду түзүлгөн.

Уюштуруучулардын белгилөөсүнө караганда, аталган форумда кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнү, мамлекеттик ишке орноштуруучу кызматтарды заман талабына ылайык жаңылоо жана формалдуу эмес билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү талкууланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги буга чейин өлкөдө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын каттоосунда 56,5 миң жумушсуз жаран турганын маалымдаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Хантавирустун вакцинасы качан табылат?Жайыт, парк, суу жээктерине мототранспорт менен кирүүгө тыюу салынды"Үч күндөн бери кезекте турам". Онкологиядагы оор жагдай, бейтаптын зары Бишкекте быйыл 33 мектептин курулушу башталат Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарында сел жүрүп, үй жана жолдорду каптадыСот экс-депутат Шаирбек Ташиевди камакта калтырды