Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Жайыт, парк, суу жээктерине мототранспорт менен кирүүгө тыюу салынды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, парк, жээктерге жана жайыттарга мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө, жүрүүсүнө тыюу салынды.

Мындай чара экосистеманын сакталышын камсыздоо, жаратылыш ландшафттарынын бузулушунун алдын алуу, парк, жээк аймактарга зыян тийишине жол бербөө максатын көздөрү кабарланды.


Бул токтом мототранспорт каражаттарынын автоунаа жолдорундагы кыймылын чектебейт. Токтом ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштурууга тоскоолдук кылбайт. Мындан тышкары аталган токтом менен мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө да чектөө киргизилбейт.

Кыргызстанда корук аймактарга, эгин талааларына, жайыттарга, тоолордогу көлдөргө мото жана автоунаалар менен барып, айлана-чөйрөгө зыян келтирген жарандарга нааразылыктар айтылып, аларды тыюу талаптары коюлуп келген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG