Мындан тышкары согуштук жана өзгөчө абал жарыяланган учурда телефон байланышын чектөөгө укук берет. Бул демилге коомчулукта талкууга түшүп, айрымдар "Телефондон мыйзамсыз тыңшоо көбөйбөйбү?" деп сарсанаа.
Мыйзам долбоору 20-майда Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында кабыл алынганы менен бир апта мурун тармактык комитетте каралганда коомчулукта кызуу талкууга түшкөн. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевдин атайын кызмат "байкатпай тыңшай турганын, аны жарандар сезбесин" айтканы себеп болгон.
Мыйзамдагы телефон аркылуу тыңшоого кылмыш иши козголгондон кийин, соттун чечими менен гана уруксат берүү тууралуу норма өзгөргөн эмес.
Жаңы сунушка ылайык, уюлдук операторлор колдонуучулар тууралуу атайын кызматка маалымат берип турууга милдеттүү болот.
“Жашыруун маалымат алууга арналган атайын техникалык каражаттарды борборлоштурулган эсепке алуу, киргизүү каралган. Бул норма көзөмөлдү күчөтүүгө, мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана каражаттарды санкциясыз колдонууга багытталган. Мындан тышкары куралдуу кагылыштар же өзгөчө кырдаал шартында улуттук коопсуздукту жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында айрым мобилдик түзүмдөрдүн иштешин убактылуу чектөөнүн укуктук механизмдери сунушталууда”, - деди Алишер Эрбаев.
Дагы караңыз
Коопсуздук кызматы менен милиция: тазалообу же тирешпи?Атайын кызмат Санарип кодекси кабыл алынгандан кийин айрым нормаларды ага шайкеш келтирүү муктаждыгы жаралганын жана замандын өзгөрүшү жаңы тартип киргизүүгө түрткөнүн айтууда.
Долбоорго ылайык, эми байланыш операторлору атайын кызматка ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк түзөт жана маалымат базаларына түз кирүүгө уруксат берет. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү тыңшоо кылмыш иши козголуп, соттун чечими чыккандан кийин жүргүзүлөт деген талап өзгөрүүсүз калууда.
Парламентте атайын кызматтын согуштук жана өзгөчө кырдаал учурунда телефон байланышын чектөө укугу боюнча маселе көтөрүлүп, депутат Махабат Мавлянова мындай учурда эл телефон байланышына муктаж болуп каларын айтты.
Эрбаев буга чейин Кыргызстанда катталган окуялар эске алынганын түшүндүрдү:
Алишер Эрбаев
"Депутаттардын гана чечиминин негизинде биз кандайдыр бир өзгөчө абал дейбизби же башка чараларды киргизебиз. Андай учурда айрым байланыш чектелиши мүмкүн. Буга чейин Баткенде болсоңуз билсеңиз керек, байланыш болбой калган. Бирок куралдуу күчтөрдүн же башка түзүмдөрдүн кыймыл аракетине, мамлекетке доо кетирген жагдай болуп калган. Ошол үчүн биз айрым чектөөлөрдү киргизүү үчүн кээ бир кадамдарга баруубуз керек”.
Дагы караңыз
"Досумдун өзүн сактап калдым". Жапаров үн катты, Ташиев Бишкекке кайттыМекеме уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүүнү тыңшоо соттун чечими менен гана жүрөрүн айтканы менен коомчулукта мындан күмөн санагандар бар. Буга чейин айрым саясатчылардын, жогорку кызмат адамдарынын жашыруун жаздырылып алынган сүйлөшүүлөрү делген аудиолор интернетке чыгып кеткен учурлар болгон.
Маселен, Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп турган учурда иниси менен телефон сүйлөшүүсү социалдык тармактарга тарап кеткен.
Коопсуздук боюнча адистер мыйзамдык өзгөртүүлөргө муктаждык бар экенин белгилеп, анын кыянат пайдалануусуна жол берилбеши керек дейт. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков буларга токтолду:
Артур Медетбеков
“Жогорку Кеңеште УКМКнын мурдагы жетекчиси Ташиев депутаттарга “биз баарыңарды билебиз, угуп жатабыз” деп жөн эле коркутуп айтып койгон. Келечекте ушундай мисалдар болбошу керек. Кээде ыплас кызматкерлер саясий оюндар же туура эмес иштерге барып, саясатчыларды, ишкерлерди мыйзамсыз уга турган шарт түзүп алышы мүмкүн. Мыйзамсыз укканы билинип калса жоопко тартылат”.
Кыргызстандын Баш мыйзамы ар бир жарандын телефон сүйлөшүүлөрүнүн, кат жазышууларынын жана интернеттеги билдирүүлөрүнүн купуялыгын коргойт. Жарандарды тыңшоого соттун чечими менен гана уруксат берилет.
"Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" мыйзамы жеке маалыматтарды жарандын уруксаты жок чогултууга тыюу салат.