Газага гумжардам алып бараткандар кабылган мамиле үчүн Израил сынга алынууда

Итамар Бен-Гвир

Израил улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин палестиналык активисттер кармалганы тууралуу жарыялаган видеосу үчүн Европа Биримдигинин жана АКШнын катуу сынына кабылды. Батыштын бир нече өлкөсү 20-майда Израилдин элчилерин чакырышты.

Министр X социалдык түйүнүндөгү баракчасына жайгаштырган видеодон Газа секторуна баратып Израилдин аскер-деңиз күчтөрүнүн колуна түшкөн "Сумуд" гуманитардык флотилиясынын активисттери Ашдод портунда тизелеп, колу артына байланган абалда турганын, ал эми Бен-Гвир алардын жанында Израилдин желегин колуна алып иврит тилинде: "Биз бул жерде кожоюнбуз" деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Бен-Гвирдин постундагы видеонун астына "Биз терроризмди колдогондорду ушинтип тосуп алабыз" деп жазылган.

Италия, Франция, Канада, Нидерланд, Бельгия, Испания жана Португалия израилдик элчилерди сүйлөшүүгө чакырышты.

Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Израилдин кармалган активисттерге жасаган мамилесин кескин сынга алды.

Европа Биримдиги флотилиянын активисттерине жасалган мамилени "таптакыр кабыл алынгыс" деп атады.

"Ар бир кармалган адамга анын коопсуздугун жана кадыр-баркын камсыз кылуу менен эл аралык укуктун нормаларына ылайык мамиле кылуу зарыл", - деп жазды шаркеттин тышкы саясат кызматынын расмий өкүлү Ануар Эл-Ануни X платформасында.

Бен-Гвирдин жоругун Израилдин өзүндө да айыптап жатышат. Тышкы иштер министри Гидеон Саар Бен-Гвирди X социалдык тармагында ачык сындап, ал "бул уятсыз шоусу менен мамлекетке атайылап зыян келтиргенин" жана "ЦАХАЛдын жоокерлеринен баштап ТИМдин кызматкерлерине чейин көптөгөн адамдардын зор кесиптик аракеттерин жокко чыгарганын" жазды.

Премьер-министри Биньямин Нетаньяху өз билдирүүсүндө Израилдин "чагымчыл флотилиялардын" өлкөнүн аймактык суулары аркылуу Газа секторуна өтүшүнө жол бербөөгө укугу бар экенин айтты. Ошол эле учурда ал Бен-Гвирдин активисттерге жасаган мамилеси "Израилдин баалуулуктарына дал келбейт" деп баса белгиледи.

"Сумуд" флотилиясы Түркиянын Мармарис шаарынан 14-майда чыккан, 18-майда аны Израилдин Аскер-деңиз күчтөрү Газадан болжол менен 250 деңиз мили аралыкта эл аралык суу аймагында токтотулган. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, 40тан ашык өлкөдөн 428 адам кармалган. Былтыр октябрда да активист Грета Тунберг баштаган флотилия токтотулган.

Дагы караңыз

Адвокат Айткулов Камчыбек Ташиев соттук отурумдарга келерин айттыReuters Орусиянын мунай жана газ кирешеси 40% өсүшү мүмкүн деп болжолдоодоБУУ Кыргызстандын демилгеси менен чек ара талаштарын тынч чечүү тууралуу резолюция кабыл алдыМаркум Чубак Жалиловго "Кыргызстандын эл баатыры" наамы берилди