Украина баллистикалык ракета жана дрон чабуулуна кабылды

Украина. 2026-жылдын 21-майы.

Орусиялык аскерлер 21-майга караган түнү Украинага "Искандер-М" баллистикалык ракетасын жана сокку уруучу 116 учкучсуз учагын учурду, абадан коргонуу күчтөрү алардын 109ун атып түшүрдү. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди.

Чернигов облусунун Новгород-Северский районунда Орусиянын чабуулунан бир адам каза таап, дагы экөө жаракат алганы белгилүү болду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, айыл чарба ишканасынын аймагында унаа жана кампа күйдү.

Днепрде эки аял жараат алганын Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа кабарлап, турак үйдүн бешинчи кабатында чабуулдан улам батир жабыркап, жарылуу толкунунан бир нече кошуна үйлөрдүн терезелери талкаланганын кошумчалады. Дагы эки адам Кривой Рогдо жана Никопол районунда жаракат алды.

21-майдын таңында орусиялык аскерлер Харьков районундагы жүк ташуучу унааны учкучсуз учак менен аткылашты. Аймак башчысы Олег Синегубовдун айтымында, бир адам каза болду.

Дагы караңыз

Акунбеков Ысык-Көл акыркы 10 жылда жарым метрге чейин тайыздаганын айттыОрусияда дрон тийген мунай заводу өрттөнүп жатат, эки адам каза болгону айтылдыReuters Орусиянын мунай жана газ кирешеси 40% өсүшү мүмкүн деп болжолдоодоМаркум Чубак Жалиловго "Кыргызстандын эл баатыры" наамы берилди