"Алдамчылык" беренеси менен козголгон иш: Президенттин мурдагы кеңешчиси камалды

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 27-декабрында Чүй облусундагы балык жеми заводуна барган учурда аны Жаныбек Кубандыков коштоп жүргөн.

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков кармалып, 22-майда райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алдамчылык үчүн кармаганы бир күн мурда белгилүү болгон.

Бишкектин Ленин райондук соту президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун бөгөт чарасын карап, аны 17-июлга чейин камакка алды. Соттук процесс 22-майда өтүп, судья УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын аны камоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу маалыматты "Азаттыкка" райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, Кубандыков менен кошо А.К.Т. инициалындагы дагы бир киши кармалды. Алар чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле ушуга окшош башка фактыларды табуу боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын атайын кызмат кошумчалады.

УКМК шектүүлөрдүн аты-жөнүн толук жарыялаган жок.

Бирок мекеме тараткан инициалдардын бири Жаныбек Кубандыковдун аты-жөнүнө туура келет. Атайын кызмат тараткан сүрөт да Кубандыковго тиешелүү.

УКМК 21-майда тараткан сүрөт

Ал буга чейин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеген. Кызматтан качан алынганы тууралуу маалымат жок.

Кубандыков алдамчылыкка шектелип кармалганы жөнүндө маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова Фейсбуктагы баракчасына чакан пост жазып, "азыр адамды каралоо, коомдун алдында күнөөлүү кылып көрсөтүү өтө эле оңой болуп калды" деген пикирин билдирди. Ал "адамдын аброюн бир күндө талкалап коюу оңой, бирок аны кайра калыбына келтирүү өтө кыйын" деп да кошумчалады:

Клара Сооронкулова

"Маалымат чыгары менен эле көпчүлүк чын-төгүнүн билбей туруп айыптап, мазактап, жаман сөздөрдү жаадырып баштайт. Мен бул окуя боюнча укуктук баа бергим келбейт — аны тиешелүү органдар жана сот аныкташы керек. Бирок жеке өзүм ишенген жокмун. Жаныбек көп эле адамдарга эч кандай пайда күтпөстөн жардам берип жүрөт, кайрылган адамдын өтүнүчүн четке какпаган, көп эле учурларда бийлик менен оор кырдаалга кабылган адамдардын ортосунда көпүрө болуп, алардын үнүн жеткирүүгө, маселесин угузууга аракет кылып жүргөн адам".

Ошондуктан, деп эсептейт Сооронкулова, "эмоция менен эмес, акыл менен мамиле кылуу зарыл".

Экономика министринин мурдагы орун басары, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Элдар Абакиров кайсы гана инвестор болбосун, бийликтин бирдей шарт түзүп берүүсүнө муктаж экенин айтууда. Президенттин мурдагы кеңешчиси менен жеке тааныштыгы жок экенин айткан Абакиров, бирок, ал тууралуу түрдүү кеп угуп жүргөнүн кошумчалап, тартип коргоо органдары калыс териштирүү жүргүзүшү керектигин белгиледи:

Элдар Абакиров

"Мен ал кишини тааныбайт экемин, бирок ошондой киши бар экенин угуп калчубуз. Бир жагынан, Фейсбукта көптөр "ал жакшы адам, жаман ишке барбаса керек" деп жатышат. Президенттин тегерегинде кандай маселе болсо чечкенге жардам берем деп башка ишкерлерге айтканын сырттан угуп калгам. Негизи эле бийликке жакын адамдар өзүнүн жакындыгын, тааныштыгын балким, акчага айлантканга аракет кылгандар болбой койбойт. Ал Кыргызстанда гана эмес, бардык жакта эле болуп турчу окуялар. Албетте, андай болгонбу же жокпу, күч органдары далилдеши керек. Эгер Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртабыз десек бардык инвесторго бирдей мамиле болгон өтө маанилүү. Бийликтеги адамдар "эч кимде биздин атыбыз аркылуу жеке кызыкчылыгын көздөөгө, акча табууга мүмкүнчүлүк болбойт" деген сигнал берсе... Негизи бардык инвесторлор үчүн мыйзам бирдей иштегени жакшы".

2025-жылдын 27-декабрында президент Жапаров Чүй облусундагы заводго барган кезде аны коштоп жүргөн жоон топтун арасында Жаныбек Кубандыков да болгон. Бул тууралуу жаңылык жана сүрөттөр президенттин сайтында жарыяланган.

Президенттин сайтынан алынган жана 2025-жылдын 27-декабрында тартылган сүрөт

Ал маалыматта Кубандыков тууралуу айтылган эмес. Садыр Жапаров Чүй облусунун Панфилов районундагы “Тянь-Шань форель” жоопкерчилиги чектелген коомунун иши менен таанышканы белгиленген.

Жаныбек Кубандыковдун өмүр баяны тууралуу маалымат ачык булактарда жокко эсе. Улуттук телеканал 2023-жылдын декабрындагы сюжетинде Кубандыковду президент Жапаровдун кеңешчиси катары көрсөтүп, маек курган.

2018-жылы Таластын Бакай-Ата районунда жайгашкан Шыралжын алтын кенинде коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлү болуп иштегени маалым. 2010-жылдарда болсо Бишкекте өткөн митингдерде “Жерүй” алтын кенин мамлекетке өткөрүүнү талап кылган акцияларга жигердүү катышып жүргөн.

2026-жылдын 18-апрелинде Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча акталган 27 саясатчы, активист "саясий түлөө" деп аталган иш-чара өткөргөндө ага Жаныбек Кубандыков да катышкан.

Азырынча Кубандыковдун кайсы инвесторлорду алдоого айыпталып жатканы белгисиз. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын күйөөсү.

“Азаттык” Медина Кайрылбекова менен 21-майда эртең менен байланышканда күйөөсү кармалганы тууралуу маалыматты четке каккан.

"Жок. Андай эч нерсе болгон жок", - деген ал.

Кубандыковдун адвокаттары же башка тарапкерлери, жакындары атайын кызматтын ал тууралуу жарыялаган маалыматына азырынча комментарий бере элек.