Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи жогорку даражада байытылган уранды өлкө аймагынан чыгарууга тыюу салган буйрук чыгарганын Reuters ирандык бир нече булактарга таянып жазды.
Агенттикке маалымат берген булактардын биринин айтымында, "жогорку лидердин буйругу жана бийлик башчыларынын өзүнүн ичиндеги консенсустун негизин байытылган уран кору өлкөдөн чыкпашы зарыл" деген багыт түзүүдө. Тегеран урандын Ирандын аймагынан чыгарылып кетиши анын АКШнын жана Израилдин ыктымал чабуулдары алдында кооптуу абалда калтырат деп чочулоодо.
Бирок, "Ал-Жазиранын" кабарчысы Али Хашим Иран өкмөтүндөгү булактарына таянып жазгандай, Хаменеи андай документке кол койгон эмес.
Ошондуктан Reuters жарыялаган маалыматты "тынчтык келишиминин түзүлүшүнө каршы адамдардын үгүтү" деп баалагандар да болууда.
АКШ Иран бийлигинен өзөктүк программасы боюнча мунасага келип, жогорку даражада байытылган урандан баш тартышын талап кылууда. Вашингтон менен Израил бул материалды өлкөдөн толук алып чыгып кетүү же аны эл аралык көзөмөлгө өткөрүп берүү зарыл деп эсептейт.
МАГАТЭнин маалыматына караганда, Иран 60% даражага чейин байытылган 440 килограмм уранга ээ. Теориялык жактан алып караганда, мындай көлөм эгер дагы байытыла берсе келечекте бир нече өзөктүк дүрмөт жасоого жетиштүү болот. (RK)