Өкмөт Кыргызстанда жарым жылдык убактылуу айдоочулук күбөлүк берүү тартибин киргизди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, автомектепти кеминде төрт ай окуп, теориялык жана практикалык экзаменди ийгиликтүү тапшыргандарга алты айлык мөөнөткө улуттук айдоочулук күбөлүк берилет.
Күбөлүк Кыргызстандын аймагында гана жарактуу болот жана айдоочу бул убакыт аралыгында жол эрежесин үч же андан көп жолу бузса убактылуу күбөлүк жокко чыгарылып, автомектептеги окуусун кайра улантат.
Алты айдын ичинде жол эрежесин одоно бузбаса, расмий күбөлүк тапшырылат.
Айдоочулук күбөлүк жана менчик автомектептер боюнча реформаны президенттин иш башкармалыгы жүргүзүп жатат.
Реформа алкагында менчик автомектептер жабылган. Эми курсанттарды мамлекеттик автомектептер окутуп, окуунун мөөнөтү 10-12 ай болот. Буга чейин окуу 2,5-3,5 ай болчу.
Буга байланыштуу менчик автомектептердин ээлери нааразылыгын билдирип, коомдо окуунун мөөнөтү узак экени айтылган. (BTo)