УКМК Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы кармалганын билдирди

Кармалган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы (К.А.М.) бейтаптардан акча алып турган деген шек менен кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, төрөт үйүнүн кызматкерлери бейтаптардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын чечип берүүдө системалуу түрдө каражат алган фактылары аныкталды.

20-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси кармалды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларында акчалай сый акысын алуу боюнча көптөгөн фактылар (эпизоддор) белгилүү болгон.

Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Шектүүнүн жакындары менен адвокаты комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкектин мэри электр чыгырыктары тартипке келтирилбесе тыюу салынарын айттыТөрт айда экзаменден өткөндөргө жарым жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет"Лукойл" ишканасынын ири заводунда өндүрүш эки эсе азайдыКантта жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үч киши жаракат алдыӨкмөт күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн субсидия маселесин карап жататReuters Ирандын жогорку лидери байытылган уранды өлкөдөн чыгарууга тыюу салганын жазды