22-майда Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Сузак райондорунда жана Таш-Көмүр, Манас шаарларында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жайларды суу каптады.
Кечинде жааган нөшөрдүн кесепетинен Манас шаарындагы Барпы Сейил, Эркиндик, Курорт жана Токтогул көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдүн жана чарбалык курулуштардын короолорун да суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, 24 үйдүн короосун сел каптап, үч үйдүн ичине жана бир үйдүн жертөлөсүнө суу кирген. Эки социалдык объект жабыркаган, үч мекеменин короосуна суу кирген, беш соода түйүнү сел суусунан зыянга учурады.
ӨКМдин кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен сууну сордуруп, коопсуз жакка агызышты. Учурда селдин чыгымын аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.
ӨКМ 19-майдан 23-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөр жаандан сел жүрүү коркунучу бар экенин жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымалдыгын эскерткен.(ZKo)