Зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн “Коопсуз үй” программасы иштелет

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызcтанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн “Коопсуз үй” программасы иштелип чыгат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга “бирдиктүү терезе” принциби боюнча жардам көрсөтүү тартиби бекитилди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде “Коопсуз үй” программасынын долбоорун иштеп чыгат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.

Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Киевде Орусиянын жапырт соккусунда бир нече киши каза тапты, жараат алгандар 50дөн ашты Вашингтондо Ак үйдүн жанында ок атуу болуп, шектүү атып өлтүрүлдү Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоо тартиби бекитилдиЖол тескөөчүнү машинеси менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалдыАзия чемпионаты (U-23): Кыргызстандык алты балбан медал алды