Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов Американын лидери Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды.
Эдил Байсалов АКШ президентине Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди, кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого берилгендигин ырастады.
Элчи Кыргызстан эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдардан тартып Кошмо Штаттары тарабынан көрсөтүлүп келген колдоону жогору баалай турганын белгилеп, АКШ администрациясына Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүүгө жогору көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
АКШ лидери Дональд Трамп ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, Кыргызстандын жаңы элчисин куттуктады жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Президент Трамп эки өлкөнүн элинин ортосундагы жылуу мамилелерди АКШ жогору баалай турганын белгилеп, жаңы элчинин келиши байланыштарды чыңдоого жана саясий-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артты.
Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп 9-апрелде дайындалган. Элчилик кызматка киришердин алдында Эдил Байсаловду кабыл алган президент Садыр Жапаров ага АКШ менен ар тараптуу мамилелерди, кызматташууну өнүктүрүү боюнча күч аракеттерди күчөтүүнү жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын алдыга жылдырууну тапшырган.